Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Догоев: “IT тармагында иштеген адистердин саны 76%га өстү”

Дастан Догоев: “IT тармагында иштеген адистердин саны 76%га өстү”

22-ноябрь, 16:44
1 405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев Кыргызстанда 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгында IT-индустриясынын кирешеси мурдагы жылдарга салыштырмалуу 67 пайызга өскөнүн айтты.

Президент Садыр Жапаровдун "КР президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду. Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатын көздөйт. 

"Санариптик өнүктүрүү министрлиги жазында маалыматтык технология жана байланыш агенттиги менен мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүү жолу менен негизделген. Министрлик мамлекеттик саясатты үч багытта: санариптештирүү, байланыш тармагын өнүктүрүү жана жалпы мамлекеттик архив, баалуу документтерди сактап калуу боюнча жүргүзөт. Буга чейин мамлекеттик системаны электрондук форматка алып келүү жана автоматташтыруу багытында беш мамлекеттик ишкана иштечү. Анын төртөө жоюлуп, Инфоком ишканасына бирикти. 

Азыркы учурда IT тармагы биздин мамлекетте тездик менен өнүгүп жаткан кези. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20 пайызга өстү. Ал эми 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин аягында 67 пайыз өсүү байкалды. Коңшу Казакстандагы Astana Hub технопаркына салыштырсак, алардын жалпы резиденттердин кирешеси 32 миллион доллар. Биздин резиденттердин бул жылкы жыйынтыгын болжолдуу айта турган болсок, 30 миллион долларга жакындады. Эки мамлекеттин мүмкүнчүлүгү, ресурсу, каражаты ар кандай, ал эми деңгээли бирдей болууда. Мунун артынан мамлекеттик казынага 40 миллион сом түшүп жатат" деди Догоев.

Министр Бишкекте өткөн StrategEast жана IT Евразиялык форумунда эл аралык деңгээлдеги эң беделдүү деп саналган EPAM Systems IT компаниясынын кеңсеси Бишкекте ачылары макулдашылганын кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер