Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавируска чалдыгып, тойдо жүргөн адам колго түштү

Коронавируска чалдыгып, тойдо жүргөн адам колго түштү

30-сентябрь, 18:10
563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында рейд жүргүзүлүп, үй шартында өткөрүлгөн эки той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин негизинде коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаран кармалып, ага атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү. 

26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынган. Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынган.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер