Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келгениме он күн болду. Күйөөмө эмнем жакпай калды?

Келгениме он күн болду. Күйөөмө эмнем жакпай калды?

08-июнь, 20:19
3 053 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыкканыма он күн болду. Жакшы жашап атканбыз, бирок негедир акыркы күндөрү күйөөмдүн көңүлү жок экенин байкадым. Негизи сүйлөшүп үйлөнгөнбүз. Көңүлүн табайын деп жакшы эле аракет кылып атам, баардык жагынан. Жумуштан келсе кийими таза, тамагы белен. Бирок, мага бөтөн адамга мамиле кылгандай кылат. Эми кантседа аялымын го... Телефонун карап койсом, ошого таарынып, “сен менин көңүлүмдү калтырдың деп менден күнөө издеп, жумушка кетип калган. Келбей кечиккенинен качан келесиң?” деп чалсам, “келбейм деп, түн бир оокумда келди. Анан эртең менен эмне болду сага, ачыгын айтчы? Сени эмне кылып таарынттым?” десем, “телефонумду карайсың”  дейт. “Кечээ бирөөгө барып жолугуп келдим” деп ачык айтты. “Көнөсүңбү? Мен сүйлөшө берем, жолуга берем ал менен” дейт. Көңүлүм ооруп, жаман болуп отурам. Эмне күнөөм үчүн мага мындай мамиле кылып атат? Эмнем жакпай калды?..  

Элина
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер