Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Имамидин Ташов көп адамдарды алдап, “куйругун түйүп” кеткени таңгалдырууда
Имамидин Ташов көп адамдарды алдап, “куйругун түйүп” кеткени таңгалдырууда
10-апрель, 09:00

“KG Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов салган үйлөрүн толук кандуу бүтүрбөй, чала-чарпыт кылуу менен кардарларын нааразы кылып келген. Мурдагы бийликтин “серый кардиналдарына” жагынып, мыйзамсыз жерлерди алып, бизнесин гүлдөтүп келген эле. Акыры айыбы ачылып, ортодон көп адамдарга да карыз болуп, качып кеткенин кулагыбыз чалган. Ушу тапта Имамидин Ташовдон акчаларын ала албай жүргөн жарандарыбыз эмне кылат? Шылуундук менен капчыгын толтуруп, анан “куйрук түйүп” кете бергени кандай? Күч органдары интерпол аркылуу издөө жарыялатып, чекит коюшу керек да. Ак эмгектеринен айрылгандардын убалы кимге? Бийлик карапайым калктын үнүн укса...
"Азия Ньюс" гезити