Соке ректор Кожобековго жан тартып, мартабалуу Москва университеттине шек келтирген...

М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору В.А.Садовничий “Кыргызстандык досторго филиал ачуу маселеси боюнча алты жолу макулдугумду бердим, жетинчи жолу дегенде араң келишимге кол коюп жатабыз” деп айтканы бар. Себеби, 2005-жылы “филиал ачабыз” деп жатканда төңкөрүш болуп, 14 жыл өлкөнү сологон Аскар Акаев дыргаяктап качып, бул маселе кийинкиге жылган. Андан кийин Курманбек Бакиевдин филиал менен деле иши болгон жок. Алмазбек Атамбаев ана-мына дегенче мөөнөтү бүтүп калды. Анан “карышкырга канча жем берсең да көзү токойдо” дегендей, 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда Кыргызстан–Россия ЖОЖдорунун ректорлорунун биринчи форумунда филиал маселеси дагы көтөрүлүп, ОшМУнун базасында ачуу чечими кабыл алынып, ушунусу менен ал провинциалдык деңгээлин көрсөткөн. Себеби, өзү сүйрөп, протекция менен чоңойтуп келаткан, жетекчи катары да, илимпоз катары дагы аты-жыты белгисиз ректор Кудайберди Кожобековдун аброюн көтөрүш керек болгон. Ушул чечими менен Соке улуттук масштабдагы эмес, облустук деңгээлдеги лидер экенин дагы бир жолу далилдеген. Болбосо, Оштон башканы ойлобогон Сокенин Москва университетинин филиалдары облустарда эмес, Ташкентте, Астанада, Бакуда, Душанбеде, Ереванда заңгыраган имараттарда ачылып, аталган өлкөлөр үчүн сапаттуу адистерди даярдап жатканынан кабарсыз го? Эмнеси болсо да Соке атактуу Москва университетинин калыптанган салтын бузуп, филиалды ОшМУнун базасында ачам (!) деп обу жоктонгон. Анан калса, юридикалык жагынан алганда, бул сабатсыз чечим болгон. Анткени бир университеттин базасында экинчи бир университеттин филиалынын ачылышынын өзү абсурд эмеспи. Анысы аз келгенсип, ОшМУ 2020-жылы баштап, 2021-жылы чампалап бүтүргөн окуу имараты Москва университетинин стандарттарына туура келбей, филиал ачуу маселеси туңгуюкка такалып, быйыл филиал эмес, “борбор” деп ачымыш болушту. “Жаман адат жугуштуу” дегендей, эми Москва университетинин филиалын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына ачуу демилгесин көтөрүп, дарбып жаткандар да бар. Бир филиалды жөндөп иштете албай жатып, экинчи филиалды оозанышып, оолугуп жаткандары кандай? Кыргызстанда саны бар, сапатсыз 76 университет телчиге албай жатканда, бийлик кошоматчылары үчүн мартабалуу Москва университетинин филиалын ой келди жерге, каалаган учурда ача бергидей “Шарашкиндин конторасы” болуп калганбы?!.
"Азия Ньюс" гезити