Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кудрет Тайчабаров: “Чубак ажы шайлоого барышы керек!”

Кудрет Тайчабаров: “Чубак ажы шайлоого барышы керек!”

09-июнь, 13:11
718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кесиптешибиз Кудрет Тайчабаров “Чубак ажы шайлоого барышы керек” деген пикирин социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Чубак ажы депутаттыкка барышы керекпи? Ооба, барышы керек. Биринчиден, депутат – бул эл өкүлү. Кыргызстандын 80 пайызы мусулмандар. Ошол 80 пайыз шайлоочунун атынан барса эмнеге болбосун? Мен деле ажыкеге бул тууралуу айткам. Өзү айтмакчы, жоопту айлантып качып койгон эле. Эми оюн өзгөртүп калыптыр. Сунуштар түшүп атат, жакын арада бул тууралуу кайрылуу кылып калышым мүмкүн дейт. Сураныч, ажыке, бийликтин, бай-манаптардын партиясына кошула коём деп өмүр бою чогулткан аброюңузду төгүп албаңыз. Эгер депутат болом десеңиз ачык айтыңыз, сиздин тегерегиңизге эле акчасы жок, мезгил менен сыналган жаңы жүздөрдү чогулталы. Ушул сунушту жактырсаңыз, «чын эле өлкө тагдырын өзгөрткөнгө ниети бар экен» деп түшүнөбүз, анан бийликтин же эски саясатчылардын сунушун кабыл алсаңыз, «жөн гана мандат керек тура» деп кабыл алышыбыз мүмкүн.

Чубак ажы парламентке барса, алдым-жуттум депутаттарга арам иш качандыр бир жазаланарын жакындан айтып отуруп духун түшүрүп, ыйманга келтирип, акча алып добуш берип жаткандарды уяткарып, парламенттеги кыңыр иштерди жаап-жашырбай, Кудайдан коркуп ак кызмат өтөгөндөрдүн санын көбөйтмөк эле деп ойлойм. Ооба, биз Конституциялык түзүлүш боюнча светтик өлкөбүз, бирок, демографиялык курам боюнча ислам дини басымдуулук кылат. Андыктан, бир илимдүү аалымдын ЖКда өкүл болушу мыйзамга деле туура келет, талапка да жатат жана элдин каалоосун канааттандырмак. 

Урматтуу Чубак ажы, жаңы жүздөрдү жетектеп, жаңы партия түзгөнгө макул болсоңуз, келечек үчүн көпчүлүк кызмат кылып берет элек».

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер