Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Равшанды колдойбуз” деген таластык депутаттарды Бабанов неге тыйды?

“Равшанды колдойбуз” деген таластык депутаттарды Бабанов неге тыйды?

15-декабрь, 20:56
2 414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Намыстанган айрым таластык депутаттар Равшан Жээнбековдун камалышы боюнча билдирүү жасоого бел байлап жатышкан эле. Бирок, көп өтпөй Өмүрбек Бабановдун тоскоол болгону каңкууланды. “Менин ишим бүтпөй жатса, Равшанды колдоп проблема кылбагыла” деп айтканы ыраспыЖамандык башка түшүп турганда нагыз кыргыздын жигиттери кол сунчу эле го...

Түлкүдөн куу, коёндон коркок Бабанов козголгон кылмыш иштерин “жең ичинен” бүтүрүп алууга жандалбастап, бийликти алдап кетүүгө миң түркүн амалданып атса дагы, негедир көздөгөнү кечеңдеп аткан чагы. Мындай шартта аны колдогон он миңдеген карапайым эл, жакын тарапташтары, коомдук ишмерлердин нааразы болгону жашыруун эмес. Жеке кызыкчылыгы үчүн Бабанов баарын талаага таштап, сатып, “куйругун кесип” кеткенине күбө болуудабыз. Президенттик шайлоодо экинин бири болгон, артынан эл ээрчиткен чоң саясатчынын кылыгы ушул болсо, өсүп келаткан келечек муун кандай үлгү алат? “Мен саясаттан кеттим” деп эле кара башын жана бизнесин калкалап, анан кырдаалдын чыңалышын күтүп жатканы кайсы логикага сыят? Кокус өлкөдө төңкөрүштүк жагдай түзүлсө, дал ушул Бабанов биринчилерден болуп алдыга чыгып, баягы “алдаркөсөлүк” айлакерлиги менен элди буруп кетпейби? Мындан баарын күтсө болот...

Негизи Бабановдун президент болбой калганына Кудайга шүгүр кылалы. Бирок, чала өлгөн жылан кайра тирилип кетип, чагып аларын эске салсак, мунун тамашасы али алдыда. Бийлик билермандары эки анжы болушуп, ал убактылуу мусаапыр кейиптенсе эмнеге алданып отурушат?..

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер