Бүгүнкү күч органдары Болот Сүйүмбаев менен “табакташпы”?

Бир канча күн мурда Сейтек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып, Болот Сүйүмбаев УКМКнын орун басары болуп турганда өлкөдөгү контрабанданы көзөмөлдөп турганын, жыйынтыгында байдын байы болгонун баса белгилеп, мүлкүн текшерүүнү сунуштаган. Сейтектин баамында, ал Алмазбек Атамбаевдин ишенимине кирип алып, баарын “майкандаганы” ачыкталуудабы? Ток этерине келсек, эмне үчүн башкы прокуратура, УКМК Болот Сүйүмбаевди “Мыйзамсыз баюу” боюнча кылмыш ишин козгобойт? Же бир убакта баары табакташ болуп алышканбы? Өлкөдөгү контрабанданы көзөмөлдөп турганы ачык айтылса да көрмөксөнгө салышканы кандай? Мына ушундан улам күч органдары ичтен ирип кеткенине ынанса болобу?.. Кызык, Сейтектин айтканына тымпыйып калышты го, демейде актанып чыгышчу эле...
Кубат Карачев
"Азия Ньюс" гезити