Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Бааны чайкоочулук менен көтөрүү аракети болууда”

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Бааны чайкоочулук менен көтөрүү аракети болууда”

12-март, 22:25
780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акылбек мырза, рублдун курсу төмөндөгөнүнө байланыштуу сомдун да куну түшүп кетти. Бул жагдай экономикабызга кандай таасир этиши мүмкүн?

-- Паникага себеп жок. Улуттук банктын запасы 2 миллиард 400 миллиондун тегерегинде. Алтын валюта запастарыбыз да бар. Элде паника болбосо эле катуу талаптардын кереги жок. Мен ойлоп атам, биздин Улуттук банк мурун эле үйрөнүп алган, кредитти доллар менен төлөй турган кишилерге гана доллар берип, кичине коё туруш керек. 

-- Анда интервенция кылбаш керек дейсизби?

-- Интервенцияны чоң көлөмдө кылбай, кичине-кичинеден, орду менен кылыш керек. Менин байкоомдо, азыр Россиянын валютасы кандай болсо, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан дагы ошого карап саясат жүргүзө башташты. Демек, биз Россиянын “ден соолугу” оңолгончо сомду кармайм деп жөн эле чабыттай бербей, абайлап иш кылышыбыз керек. Бул жерден бир гана коркунуч кайсы? Бизнесмендер доллар менен кредит алып алышкан. Ошолорго аябай кыйын болот. Менин божомолум боюнча, орустар бюджетине нефтини 42 доллар менен койгон. Эки-үч жуманын ичинде эң чоң нефти экспортер Сауд Арабиясы менен тил табышып, кайра ордуна келтирчү болсо, анда бир доллар 72-75 рублдун тегеринде болушу мүмкүн. А эгер андан да өсүп кетсе, жана мен айткандай, доллар менен кредит алган кишилерге жардам берүү кажет. 

-- Мындай кризистердин эң коркунучтуу жагы – азык-түлүктүн, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын баалары да өсүп кетчү эле... 

-- Биз импорттоочу өлкөбүз да. Импорттун баары доллар менен келет. Бирок, паникага түшпөсөк эле тамак-аштын  бир айлык запасы бардык эле жерде бар. Анан калса Кыргызстан эчак эле рынок механизмине өтүп алган. Ар бир үй-бүлөнүн өз запасы бар дегендей. Андыктан, азык-түлүктүн баасына кескин таасир этпейт.  Буга чейинки  товарлардын баары эски контракт менен келген. Ырас, бааны чайкоочулук менен көтөрүү аракети болушу мүмкүн. Аны болтурбаш үчүн экономика министрлиги менен антимонополиялык комитет карап турушу керек. Эски баа менен келген товарга 10 сом, 20 сом кошуп ийе тургандарга чара көрүү боюнча механизмдер бар. Ал эми жаңы контракттарга болсо баа минтип кескин көтөрүлүп жатканда эч ким кол койбойт. Бир-эки жума өткөндөн кийин жаңы бааларга көнө баштайбыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер