Кыздардын сүймөнчүгү Акжолтой Тукуновду шайлоодо динчилдер колдоп кетишеби?


Сакалчан Акжолтой Тукунов антипономолиянын орун басарлыгына келгени рейтинги өсүп, коомчулук менен тыгыз кызматташууда. Кийингени, баскан-турганы да өзгөрүп, байбача чиновникке айлангандай. Акыркы кездери кыздар да Акжолтойду айланчыкташып, ашык болуп жатышабы? Негизи пиар кылганды, элге жагуунун жолун өздөштүрүп келатат. А баса, Акжолтой Тукунов диний катмардан да упай алып, колдоочуларын көбөйтүп баратканы жашыруун эмес. Мындай темп менен кетсе, келаткан президенттик шайлоодо таасирдүү фигурага айланышы ыктымал. Себеби, бизде динчилдердин катмары калың, “сакалчан саясатчы чыкты” дешип, жапырт колдоп кетишсе эмне кыласыңар? “Кара кыздын агынан эмес багынан” демекчи, маңдайына жазып койсо... Каарманыбыз дымактуу жигит эмеспи, бийлик үчүн күрөшөбү? 
"Азия Ньюс" гезити











