Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимовдун башка байлардан айырмасы эмнеде?

Райым Матраимовдун башка байлардан айырмасы эмнеде?

17-июль, 12:59
1 036 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалы менен кырчаңгылардай болушуп, Райым Матраимовду каралагандардын тобу “ойгоно” калмай жайы бар. Реалдуу сын пикир эмес, тек гана тийишмей, көбүртүп-жабыртуу менен “жомок” айтмай. “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, андай пенделерге эл деле ишенбей калган. Ал эми чыныгы жашоодо биздин каарман калкка кызмат кылуу үчүн берилгендиги, марттыгы, канчалык көп иш бүтүрсө да мактанбагандыгы менен айырмаланат.  

Март айында карантин башталганда Райым Матраимов биринчилерден болуп, Кыргызстандын баардык аймактарына гуманитардык жардамдарды тонналап тарата баштаган. Ошого катар керектүү медициналык аппараттарды да элибизге тартуулаган эле. Кыйналган жүз миңдеген мекендештерибиздин ажаатын ачылганы, оор сыноодон кыйналбай чыгып кетишкени маалым. Эгерде мындай колу ачыктык болбогондо, эл ичинде катуу чыңалуулар жаралып кетет беле? (Дал ушул саамалыктан башка саясый күчтөр, ишкерлер да үлгү алышып, жардамдарын көрсөтүшкөнүн да эске салалы).

Ал эми жакында апаат кайрадан күч алып, ооруканаларга коронавирустан жабыркагандар батпай, аянычтуу көрүнүштөр орун ала баштады. Мамлекеттик органдар алапайын таппай калышты. Адамдардын көчөдө кулаганын көрдүк. Дал ушул кырдаалды көпкө создуктурбай, Райым Матраимов тездик менен катар-катар ооруканаларды ачып, дары-дармектеринен бери белендеп, медициналык аппараттарды да жетиштүү деңгээлде камсыздаганга үлгүрдү. Кыйын кырдаалда эли үчүн аянбай, мекенчилдигин дагы көрсөттү эй! (Мындай иштерден соң башка байлар, бизнесмендер акылдарына келишип, колкабыш кылууга өтүштү).

Аныгында, Райым Матраимов жарым жыл ичинде эки оор шартта билегин түрүп, патриоттуулугун көрсөтүп, биринчилерден болуп карапайым калкка кол сунганына не дейли? Бали! Чыныгы элдик инсан экени кашкайып көрүнүп турбайбы! Кызыгы, Опол тоодой жардам кылып атканын Райым мырза милдет кылган жок, унчукпай эле эмгектенүүдө. Ошол иштерди уюштуруучулары, көргөн-билгендер ыраазычылык иретинде айтышууда. Ал эми айрым байлар болор-болбос жардамдарын жарнамалап бүтпөй жатышканына таңкаласың...   

Убакыт учкан куш тура. Райым Матраимов бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кеткенине үч жылга таяп калды. Бийлик бутагында болбой туруп деле элге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келатат. Эгерде ал келечекте депутат болуп калса, шайлоочуларынын астында бүгүнкүдөн да жоопкерчилиги жогорулайт беле? Ооба, милдетин да алмак. Жакшылык эч убакта жерде калбайт. Райым Матраимовдун биз билген-билбеген кайрымдуулук, соопчулук иштери өтө арбын. Жараткандын астындагы вазыйпасын жасап келүүдө. Акыры элибиз да баа берип, ак батасын ыроолой турган күндү насип этсин...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер