Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исмаилова: “Биз бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөнү максат кылбайбыз, маалымдуулук гана болсун дейбиз”

Аида Исмаилова: “Биз бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөнү максат кылбайбыз, маалымдуулук гана болсун дейбиз”

13-март, 10:57
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Республика – Ата Журт” фракциясынын ЖК депутаты менен маек...

-- Аида Жекшенбаевна, сиздер демилгелеген өкмөттүк эмес уюмдар   жөнүндөгү мыйзам долбоору коомчулукта аябай чоң талкуу жаратып, атүгүл аны токтотууга да аракеттер болду. Пикир келишпестиктин маңызы эмнеде?

-- Биз бул долбоорду 7 депутат демилгелеген болчубуз. Азыр сегизинчи депутат кошулганы жатат. Ооба, токтотууга аракеттер болду, дале болуп жатат. Бизде бейөкмөт уюмдар аябай эле көп. Алардын арасында биз киргизип жаткан нормаларды колдогон да бейөкмөт уюмдар бар. Алардын жашыра турган эчтекеси жок, каржылык отчеттору так. Бирок, бир нече уюм чет өлкөлөрдөн аябай чоң суммадагы каражаттарды алышат экен. Ал каражаттар эмне максатка алынганын, эмнеге коротулганын жалпы жарандарыбыз билүүгө тийиш. Анткени, алар митингдерди уюштуруу, өлкөбүздү дестабилдештирүү максатында таратылышы да мүмкүн. Эгер бейөкмөт уюмдун элден жашыра турган эчтекеси жок болсо, анда алар тоскоолдук кылгандын ордуна, тескерисинче, мыйзамдын демилгечилерине жардам берүүлөрү керек. 

Кээде чет өлкөлүк студенттерди окутуучу медициналык жогорку окуу жайлар ачылат. Бирок, салык төлөбөө максатында алар каттоодон коммерциялык эмес уюм макамы менен өтүшөт. Айтор, көп эле маселе бар. Алар тууралуу жалпы жыйында айтып чыгабыз. 

-- Бирок, бейөкмөт уюмдарга грант бергендер “баардык маалыматтар жабык болсун” деп талап коюулары мүмкүн да?

-- Албетте. Эл аралык уюмдар бизге жардам беришсе, биз алардан ачыктыкты талап кыла албайбыз. Анткени, алардын макамы ошондой. 

-- Мыйзам долбоору азыр биринчи окуудан өттү. Бирок, ал кабыл алынган күндө деле иштеп кетерине көзүңүз жетеби? Себеби, алардын макамы ошондой деп атпайсызбы?

-- Биз азыр текшере албайбыз. Ошондуктан, ушундай норманы киргизип жатпайбызбы. Баса белгилеп айтып коюшубуз керек, бул норма бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө максатында киргизилип жаткан жери жок. Маалымдуулук, ачыктык гана болсун дейбиз. 


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер