Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров чоң саясатта В.Путин, Си Цзиньпин менен бирге болсо оңолобуз

Садыр Жапаров чоң саясатта В.Путин, Си Цзиньпин менен бирге болсо оңолобуз

05-апрель, 19:30
1 003 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзүнүн жоруктарын “Республика” гезитинен окуп турган Аскар Акаев президент экенине карабай жөнөкөй адам менен “соттошом” деп чыккан эле. Бирок кынтыгы жок чындык менен соттошконго даай алган эмес. Жеке эле анын жоруктары эмес, бүгүнкү күндө болуп жаткан геосаясый окуяларды шурудай тизип, 99% “точный прогнозду” Замира Сыдыковага көтөрүп барганда “пожалуй, у нас такого еще не было” деп жактырбай койгон. Биз элге жеткире албаган “прогнозду” кытайлар эбак түшүнүп, АКШ баш болгон капиталисттерди жакын жолотушкан эмес. Жыйынтыгында, коммунисттик Кытай өлкөсү өнүккөн күчтүү державага айланып, эң алдыңкы орунга чыкты. Ал эми АКШнын жетегинде калган Кыргызстан эң акыркы орунда калып, Украина сыяктуу коррупциялык өлкөгө айланды. “Эки буттуу карышкырга” айланган АКШ “ак кой” катары Украинаны, “кара кой” катары Кыргызстанды согумга даярдап келишти эле, бирок Украинага “тиш салышып”, биз аман калдык. 

Украинада өткөн кылымдардан бери көргөн-өскөнү жаман болуп, орус элин жек көрүү саясаты жүргүзүлүп, Гитлер менен Бандера сыяктуу фашисттерди улуттук баатырына айлантып алышкан. Согуш убагында украиналык улутчулдардын канкорлугу менен мыкаачылыгынан фашисттер өздөрү жийиркенип турушчу экен. Өздөрүнөн башкаларды кырып жок кыла берген фашисттерди НАТОго да кабыл албай коюшту. Ошондуктан Украинадагы фашисттерди Россияга каршы колдонуп, көп жылдан бери чогулган согуштук арсеналын Украинага “пихать” этип ийген АКШ триллиондогон пайда көрдүбү? Джо Байдендин санкциялары экономикалык кризистерди жаратып, Европа өлкөлөрүндө башаламандыктар башталды. Митинг, пикет, протест күчөп отуруп, Байденди баш кылып айдап чыга турган болуп калышты. Мунун баары дүйнөлүк революциянын башталышы болуп, социализмдин жеңиши менен аяктаары айтылууда. 

Кыскасы, АКШ президенти Джо Байден менен Украина президенти В.Зеленскийдин “көкмээлигин” акылмандык менен пайдаланган Россия президенти Владимир Путин XXI кылымдын эң мыкты саясатчысы экенин көрсөтүүдө. В.Путинди колдогон мамлекеттер, дүйнө элдери көбөйгөндөн көбөйүүдө. Биздин кыргыздар да колдоп жатышат. Мисалы, В.Путиндин саясатын толугу менен колдогон Апрель баатыры Кайып Шер, ИИМдин ардагери Абдылда Капаров кыргыз элинин духун көтөрүштү. Негизи, АКШнын алдамчы саясатынан, алардан калган коррупция менен мафиядан кыргыз эли тажап бүтүштү. Үчүнчү дүйнөлүк согушту каалаган капиталисттер жакын арада өздөрүнүн баш-аягын таппай калары күтүлүүдө.

30 жылдан берки оор абал аз келгенсип, эми үчүнчү дүйнөлүк согуш, дүйнөлүк кризис, ачкачылык, өлүм-житим тооруп турат. Мунун баарын уюштуруп жаткан он чакты “көкмээ” ченебей көөп кетишти. Буларды чалчактатып коюшкан Европа, Америка элине караганда, биз – кыргыздар миң эсе жогору улуу эл экенбиз. Ошондуктан жаңы Кыргызстанды түзүү идеясын көтөргөн президент Садыр Жапаров Жер планетасынын лидерлери В.Путин, Си Цзиньпин менен бирдикте саясый-экономикалык жана идеологиялык реформаларды ишке ашырса, ошондо оңолобуз... Кийин Джо Байден баш болгон капиталисттер жазага тартылганда, алардын аткаруучусу болгон А.Акаев да жазага тартылышы мүмкүн.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер