Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Улан Ниязбеков ИИМдин иштерин эң жогорку деңгээлде алып барууда”

“Улан Ниязбеков ИИМдин иштерин эң жогорку деңгээлде алып барууда”

10-январь, 19:30
1 706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ички иштер министри Улан Ниязбековго карата каралоолор күч алууда. Бул көрүнүш саясый оюн, же чагымчылык эмеспи?” деген собол таштадык. 

Алишер Козуев, ЖК депутаты:

-- Бүгүнкү күндө Улан Омоканович ИИМдин иштерин эң жогорку деңгээлде алып барууда. Бир нече күн мурда мен өзүм жеке кабинетине барып баарлашкам. Ошол жерде өзүнүн жасап жаткан иштери боюнча угуп, ынандым. Ар бир райондогу ПОМдорго чейин санариптештирилип, видеокөзөмөл коюлуп, жалпы ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү боюнча жогорку деңгээлде иш ыргагы жүрүп жаткан экен. Андан сырткары, акыркы күндөрдөгү президентибиздин тапшырмасы менен уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп, бир топ алгылыктуу аракеттерди көрүүдө. Менин билишимче, жыл аягында бир топ эски (10-15 жыл мурдагы) адам өлтүрүү фактылары боюнча жаңы жагдайларды таап чыгышты. УКМК менен утурлай ИИМ дагы жакшы иштерди жасап жатканын баса белгилейли. Камчыбек Кыдыршаевич жыл башында Сузакта ИИМдин райондогу жетекчилери менен жолугушуп жатып, “эми кезек ИИМдин кызматкерлерине келди” деп, автоунаа, имараттарды жаңыртуу боюнча пикирин билдирди. Бул да жакшы жөрөлгө.

Жеке көз карашымда, ИИМ менин көңүлүмө толгон иштерди жүргүзүүдө. Ал эми каралоо аракеттери боюнча комментарий бере албайм. Себеби, ар бир чыгып жаткан маалымат, макалалар кайсы бир деңгээлде реакция болушу шарт. Жогорку тепкичтеги бийлик өкүлдөрү укуктук баа бериши керек деп ойлойм. Учурда азыркы ИИМ менен беш жыл мурунку ИИМдин айрымасы чоң десем болот. Иштери ар тараптуу алдыга жылганы көрүнүп турат. Ага албетте, министрдин салымы чоң, Улан Омоканович өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтө алды.

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник:

-- Менин оюмча, министр Улан Ниязбеков өз милдетин жакшы аткарып атат. Бу жигиттин ишмердигине ар дайым көз салып турам. Албетте, жакшы иштеп аткан адамды көралбагандар болот, бут тосушат, туш-тараптан сындашат. Кээде жердешчилик, уруулар, тууган-туушканга бөлүшүп, болбоду дегенде, саясый оюнга аралыштыруу аракетин кылышат. Министрлердин арасында экөө президентти уят кылбай иштеп аткан болсо, анын бири Улан мырза экенин тартынбай айтат элем.

Каралоолор бул: көралбастык, саясый оюн, өч алуу, бирөөлөрдүн "куйругун" басуу го...

Талант Исаев, генерал-майор:

-- Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жасап жаткан иштерине байкоо салып келем. ИИМге келгенден бери баардык жактан реформа кылып, министрликтин кадыр-баркын болушунча көтөрдү. Министрликти акыркы кездери атайын заманбап техникалар, анын ичинде дрондор менен камсыз кылып, атүгүл санариптик башкарууну бийик деңгээлде өздөштүрүп атканын өз көзүм менен көрдүм. ИИМдин карамагындагы атайын полкко казарма салдырып атат. 2024-жылы кызматкерлердин айлыктары көтөрүлө турганын министр өзү айтты. Демек, маанай жарата турган иштерди жасап, майын чыгарууда. Жакында эле ички иштер кызматкерлерине 9 кабаттан турган үч үй берилди. Бу жерде министрдин жогорку адамгерчилигин баса көрсөткүм келип турат. Чийедей 5 баласы бар күзөт кызматындагы прапорщик бар эле. Негедир, мурунураак бир бөлмөлүү квартира беришкен экен. Министр Улан Ниязбеков ушуга өзү киришип туруп, “ушунча баласы менен кантип бир бөлмөдө турушмак эле?” деп 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып берди. Прапорщик жаңы жылды беш баласы менен ошол үйдөн тосушту...  

Бакыт Сейитов, милициянын полковниги:

-- Ооба, чагымчылдык менен саясат жасоого жанталашкандар чыгууда, айрымдардын бул жоруктары биздин коомдун оорусу болуп калгандай. Өкүнүчтүү. Бул саясый оюнга багытталган көралбастык. Ортого от жакмай, жок жерден көө сүйкөмөй, каратып туруп калп айткан ушакчылар менен интригандарга Кудай берди деген эле кеп. Өзүнүн ким экенин билбей туруп, коомубузга кыпындай жакшылык кылбаган, бирок коомдон көп нерсени талап кылган, калыстыгы сөзүндө гана эмес көөдөнүндө жоктордун чагымчылыгы. 

Ички иштер министринин коомдук тартипти сактоодогу заманбап менеджерлик көз карашын, анын коопсуз өлкөгө багытталган максаттуу санарип программасын, өлкөнүн ички коопсуздугун бекем сактоого арналган ишин көралбагандардын уюштурган интригасы. Атайын жасалган чагымчылык, башка сөз жок. “Мээленген жаанын жебеси жүрөгүмө сайылганына өкүнгөн жокмун, ошону ким атканын билгенден кийин түтөдүм...” дегендей, алар биздин арабызда коюн-колтук алышып, чагымчылык менен жашап жүргөндүгү өкүнүчтүү...

Мирлан Орозбаев, жарандык активист:

-- Ушундай, ким жанталашып иштеп, президенттин программасын ишке ашырып атса, андай адамды тизеге чаап, колдон келсе канатын кайрып, “сен кыйынсыңбы?” дегендей бут тосуп баштайт. Ооба, көбүнчө Ош шаарында туруп, ал жактагы милиция кызматкерлеринин кылып аткан иштерине карата баа берем. Чынын айтыш керек, жылдан-жылга бул система оңолуп атат. Башта билесиңер, мурдун тарта албаган милициянын кенже сержанты атасындай болгон адамга сүйлөп, аны басынтып, капчыгындагы болгон пулун шыпырып алчу. Андайларды далай көрбөдүмбү. Азыр Ош жак тынч. Милициялар маданияттуу, карапайым эл менен бирге. Министр Улан Ниязбеков мырзаны жакшы билбесем да, кылып аткан иштерине жогору баа берип атам. Учурдан пайдаланып, биз жактагы милициянын чоңу Жеңиш Жоробековго алкыш айта кетейин. Министрди уят кылган жок, мыкты иштеп атат. “Вазир жакшы – хан жакшы” дегендей, кыскасы ушу.   

Мукаш Ырсалиев, милициянын атайын багыттагы ардагери:

-- Чагымчылдык менен аракеттенген адамдардын жолдо калган жоруктары биздин мамлекеттин оорусу болуп калган. Кырчаңгы адамдарга таңгалам. Бир айылды бириктирбей, эки айылды эриктирбей, ортого от жагышып, акыры чабыштырып коюшуп, а өздөрү кылган кылыгына рахаттанышат. Коомду ириткендер ушулар. Мындан сырткары, жанагы соцтармакта “фейк” деген балээ бар. Сүрөт койбойт, аты-жөнү да башка. Мына ушулар да өтө коркунуч жараткандар. Колдорунан пок келбейт, президентти, премьер-министрди, ИИМди, ж.б. мекемелерди “шыбап” башташат. Жумурткадан кыр издешет. 

Эми милициянын генерал-лейтенанты, министр Улан Ниязбековго келели. Чынын айтсам, милициянын атайын багыттагы ардагери катары дарегине бир да жолу жаман сөз айтылганын уккан эмесмин. Алгылыктуу иштеп атат. Ардагерлерге абдан жакшы мамиле кылып, маал-маалы менен жолугуп турабыз. Биз менен кеңешип, улуулардын насаатына тереңден маани берет. Бир сөз менен айтканда, Уландын ишине ийгилик гана каалайм!   

Курман Кубатбеков, ИИМдин генералы:

-- Биз ардагерлер анда-мында барып, ички иштер министрлигиндеги жасалып жаткан иштер менен таанышып турабыз. Кечээ жакында эле иш аябагандай жакшы жүрүп жатканын, кылмыш иштери мурункуга караганда алда канча көп ачылганын, аларды ачууга камералардын да салымы чоң болгонун уктук. Статистиканы салыштырдык. Милициянын кадырын көтөрүүгө, ишмердүүлүгүн жогорулатууга, элге жакындатууга жакшы аракеттер көрүлүп жатканына кубандык. Улан Ниязбеков министр болуп келгени бир топ жакшы иштер жасалды. Милициянын ардагерлери министр жакшы иштеп жатат деген тыянакка келдик. Системанын иши илгерилешине президент да көңүл буруп жатканын угуп, кубандык. 

Мына ушундай жетишкендиктерге карабай, түрдүү маалыматтарды чыгарып, министрди каралоо аракети жүрүп жатканын чагымчылдык, саясый оюн десек болот. Себеби, алар министрдин жетишкен ийгилигин, үч жылдан бери жасаган жакшы иштерин эске албай, бир жактуу эле каралоого аракет кылып жатышат. 

Садырбек Дубанаевгенералдар кеңешинин төрагасы:

-- Негизинен милицияда иштеш өтө оор. Бирөөнө жакшы, бирөөнө жаман көрүнөсүң. Кылмыш иши козголуп, камалып калгандардын жакындары күнөөнү кылмыш кылган тууганынан эмес, сенден издеген учурлар болот. Ошолор ыңгайы келе калса каралайын деп турушат да. Улан Ниязбековдун ишин көрүп-билгенибиз үчүн ага болгон каралоону саясый оюнга салыштыруудан алысмын. Ичкүптүсү барлардын жасаган аракеттери чагымчылдык го..

Биз көп эле министр менен иштештик. Милициялык кесиптин ачуусун да, таттуусун да таттык. Министр Улан Ниязбековдун менеджерлигин көрүп, министр деген ушундай болсо деген ойдо калдым. Анткени, 74 жылдан бери ИИМдин ичиндеби, тышындабы, көрүнүктүү ремонт болгон эмес. Азыр ИИМдин ичине кирсең да, сыртына чыксаң да көңүлүң ачылат. Министр Улан Ниязбеков жакшы иштеп жатат. РИИБ, УВДнын имараттарын дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, милициянын материалдык техникаларын да чыңдады. Кылмышкерлер менен күрөшүүнү жакшыртуу максатында 66 машина берди. Келечекте ар бир участкалык инспекторго бирден машине берүүгө аракети күч. Улан Ниязбеков иштеп турса, мындан да жакшы иштерди жасай аларына ишенем.

 Кечээ жакында Евросоюзга барып, ОБСЕнин кызматкерлери, жетекчилери менен кезигип, 2500 миллион евролук ДНК экспертиза чыгарган лабораторияны курдуруу маселесин чечип келиптир. Бул лаборатория курулуп калса, милициялар үчүн чоң жетишкендик болот. Ачыгын айтыш керек, муну бир да министр жасаган эмес. Аталган лабораторияны ачып алсак, кылмыштын бетин ачуу жакшырат, заманбап технология колдонулат, коомдо ачыктыкты алып келет, милиция менен элдин ортосундагы ишеним бекемделет. Заманбап технологияларды колдонууда биз КМШ мамлекеттеринен артта калбашыбыз керек. 2000-жылдан бери көтөрүп жүргөн маселеме Улан Ниязбеков гана маани берди. Буюрса, ДНК экспертизанын лабораториясын ачарына ишеничтемин. Министр Улан Ниязбековдун ишин көрүп, аракетин баалап жаткандардын баарына ыраазымын. Чынында жакшы иштеп, милициянын кадырын көтөрүп, ишмердүүлүгүн жогорулатууга болгон күчүн жумшоодо.

Шамшыбек Мамыров, милициянын отставкадагы полковниги:

-Ардагерлер ИИМдеги жасалып жаткан иштердин, жаңылыктардын баарынан кабардарбыз. Акыркы үч жылдагы өзгөрүүлөрдү тарыхый десем жаңылышпайм. Өзгөчө заманбап технология, заманбап ыкмаларды колдонуу, балдарды кесипти өркүндөтүүгө окутуу боюнча иштер татыктуу аткарылууда. Министр Улан Омоканович менеджерлигин көрсөтүүдө. Ошондой эле милициянын ишин технологиялык жактан жакшыртуу жана милициянын ички маанисинин философиясын өзгөрткөнгө болгон аракетин жумшоодо. Милиция – элдин шериктешимилиция эл менен деген ураандардын алкагында иштеп, кайрылган жарандардын маселесин тез, ыкчам чечип берүүгө болгон аракетин жумшоодо. Ар бир райондогу нөөмөт бөлүмдөрүнө телефондорду койдуруп, келген адам жергиликтүү жетекчилерге түз кайрылганга мүмкүнчүлүгү болушуна шарт түзүүдө. 

Ушундай жакшы аракеттерин эске албай, терс маалыматтарды таратып жаткандар аны каралоого аракет жасап жатышат да. Анткени, мен көп министрлер менен иштештим. Бүгүнкү министр жакшы деген баага татый турган, кеменгерлик жолду тандаган жетекчи болду.

Токтогул Какчекеев, серепчи:

-- Министрге каршы маалыматтар көбөйдү, бирок мурункуларына деле ошол орунга кызыкдар кутум жасашып, ушундай жаманатты кылган жолду тандашчу. Уланды президент дайындаган, милициянын генерал-лейтенанты” деген наамды берген. Демек, Улан милдетин аткара билген адам катары бааланган. Бирок, азыркы чабуул – бул саясатташтырып, реконструкцияга кызыкдар болгондордун аракети окшойт. Алдыда президентик шайлоонун мөөнөтү жакындап келатат. Күчү ташыган ИИМди колго алуу зарыл максат да. ИИМдин милдетин чектегендер да аз эмес. Демек, кесиби финансы кылмышы менен күрөшкөн министрди күч башынан алыстатуу – азыркы талаптардын бири.

Акбөкөн Таштанбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

-- Бизде жаңылык интернет желесинде бир сутка жашайт. Эгер улам-улам бир адам жөнүндө маалымат чыгып турса, демек, ал маалыматтын тарашына бирөө кызыкдар. Саясатташып кеткенин баамдайбыз. Болгону ошол.

Кайып Шер:

-Айрым чала журналисттер аркылуу өздөрүн оппозиция катары санашып, аныгында, самозванецтер чак түштө Камчыбек Ташиевди ички иштер министри Улан Ниязбековго карай көз көрүнөө аксымдык менен көкүтүп, чагымчылык кылып аткандарын баарыбыз көрүп турабыз. “Митинг, пикеттерди уюштурабыз деп турган бир ууч саясый топ алдын алып, өлкөнүн башкы тартип сакчысы Улан Ниязбековду ар кандай амалдар менен коркутууга аракет жасашып, шантаж кылып койгулары келишеби? Айтор, ИИМ жетекчисине карай ачык эле кара пиар жүрүп атат.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер