Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирбек Асанбеков: “Бири-бирин каралаган саясатчылардан элибиз тажап бүттү”

Темирбек Асанбеков: “Бири-бирин каралаган саясатчылардан элибиз тажап бүттү”

08-январь, 22:52
1 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темирбек мырза, “ханституцияга, референдумга каршыбыз” деген митингчилер чындап эле президенттик башкарууга каршы чыгып жатышабы?

-- Эгерде ошончолук эле жаңы Конституцияга каршы болушса, анда шайлоого катышуудан баш тартышып, саясый принципке бекем турушса болмок. Өздөрү азыркы саясый эрежеге макул болуп, президенттик шайлоого аттанышты. Эми аттанышкандан кийин аягына чейин турушу керек эле. Тилекке каршы, президенттикке аттанган азаматтар ачык утулуп жаткандарын сезишип, саясый шантажга өтүп, элди ич ара тирешүүлөргө түртүп жатышат. Бул туура эмес.

-- Неге айрым талапкерлер шайлоого аз күн калганда бириге башташты?  Булар абалды курчутууну көздөп жатабы же Садыр Жапаровду каралоо менен ийгиликке жетүүнү болжоп жатышабы?

-- Учурда Садыр Жапаровдун саясый рейтинги коом арасында өтө жогору, мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү да толук кандуу колдоого алышууда. Амалдуу, тажрыйбасы күчтүү оппоненттер баарын түшүнүп, ич ара саясый баалуулуктары, идеологиялары келишпесе да аргасыздан биригишип, Садыр Жапаровго тоскоолдук жаратуунун аракетине өтүштү.

-- Көпчүлүк талапкерлер эл менен жолугууда өз программасын айтпастан, көп убактыларын “ал бийликке келсе эл күткөндөй иштебейт, Жетим-Тоону кытайларга сатат” деген маалыматтарды айтуу менен чектелип жатышат...

-- Негизи эле президенттик шайлоого аттанган кандидаттар туура эмес үгүттөө иштерин баштап алышты. Жалпы элдин көпчүлүгү, өзгөчө шаардыктар, мамлекетте чогулган социалдык экономикалык маселелерди чечүү багытында сунуштарды күтүп жатышкан. Бирок, атаандаштардын көпчүлүгү андай комплекстүү программа сунуштабай, Садыр Жапаровду түздөн-түз каралоо тактикасына ачык өтүшүп, иш жүзүндө аткарыла элек экономикалык багытта жүгүрткөн жеке сунуштарына алаксышып, өздөрүн президент болсо ишке ашыра турган программаларын элге жеткире алышпады. Чынында бири-бирин каралоо, сындоо саясатынан элдин көпчүлүгү иренжип, чарчап бүттү. Тескерисинче, Садырдын аларга теңелбей, саясый сабырдуулук көрсөткөнү электоратынын санын көбөйтүп жатат.

-- Айрым талапкерлер “Садыр Жапаров президент болуп калса, мурдагы иштерибиз үчүн жоопкерчиликке тартылып калабыз” деп кооптонуп жатышкандай...

-- Ачык саясый тирешүүлөрдү баштоонун аракеттеринин себеби түшүнүктүү эле болуп турат. Эгер биригип, күчтүү оппозициялык кыймыл аракеттерине элдин көңүлүн бура алышпаса, шайлоодон кийин саясый мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп кетерин түшүнүп турушат. Сиз туура айттыңыз, мурдагы бийлик менен иштеп, саясый кылмыштуулукка, коррупцияга аралашкан адамдар жазага тартылышы да мүмкүн... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер