Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Кыргызстан толугу менен Кремлден көз каранды”

Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Кыргызстан толугу менен Кремлден көз каранды”

20-июль, 21:54
1 126 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, аз күн мурун Украинанын мамлекеттүүлүк күнүнө карата иш-чараны Бишкекте өткөрдүңөр. Демилгенин максатына, маанисине токтоло кетесиңби?

-- Менин байкашымча, дүйнө жүзүнүн алкагында Кыргызстан толугу менен Кремлден көз каранды, Путиндин сөзүн эле ээрчиген мамлекет (!) деген ой калыптанып калган. Керек болсо Өзбекстан, Казакстанды салыштырсак, Кыргызстанга караганда Украинага көбүрөөк ыктайт, колдоого аларлык пикир тараган. Чынында Кыргыз мамлекетинде деле Украинадагы окуяларды жүрөгү менен кабыл алган, кайдыгер эмес инсандар бар. 15-июль – Украинанын мамлекеттүүлүк күнү, биз тарапташтардын баарын бир аянтчага чогултканга аракет кылдык. Ага Кыргызстандагы бир катар элчиликтер, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коом, публицисттер, журналисттер, укук коргоочулар катышты. Бийлик тараптан эч кандай тоскоолдук болгон жок. Буга рахмат! Биздин иш-чарабыздын максаты – оор учурда, катаал мезгилде Украина элине тилектештикти билгизүү. Менин терең ишенимимде, Украина жеңилсе бүт дүйнө утулат, эң ириде биз да жыдыйбыз. Анткени Украина бир гана өз жери үчүн согушкан жок, алар биздин Кыргызстандын эркиндиги үчүн да күрөшүп жатышат. 

-- Тарткан тасмаң боюнча да учкай айта кетесиңби?

-- Иш-чарада менин Украинага 2022-2024-жылдары жасаган сапарым камтылып, ал маалдарда чогулткан бай маалыматтар чагылдырылган: “Биздикилер Украинада. 2022” жана “Биздикилер Украинада. 2024” деген даректүү тасмалардын урунттуу бөлүктөрү сунушталды. Анда Путиндин баскынчы режимине каршы айыгыша согушуп жаткан жергиликтүүлөр гана эмес, ал жакты байырлашкан, оор кезеңде украин элине ар тараптуу колдоо көрсөтүп келишкен Азиз Эркимбаев, Курманбек Раманов, Таалай Сары сыяктуу бир катар кыргызстандыктар дагы өз баштарынан кечирген окуяларды айтып беришкен. Негизинен кыргыздардын украиндерге тилектештиги баса белгиленген эле... Тасмада согуш запкысын чегип жатышса да, эгемендик үчүн эрки моюбаган жарандар, көп этностук калайык, ошондой эле Украинадагы казактардын тилектештик боз үйлөрү, ал жердеги Кыргызстан тууралуу этнографиялык-маданий музей жана башкалар тууралуу дагы баяндалат. Жарандарыбыздын сүйлөгөн сөздөрүнүн башкы мааниси – Украина элинин эркиндиги, аймактык бүтүндүгү үчүн каармандык күрөшү, жалпы эле постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигинин сакталышы, мындан аркы аракеттеринин орчундуу мааниге ээ болуп жаткандыгы жөнүндөгү орток пикирлерден куралган. Бул кечеде баскынчы Россиянын аскер күчтөрүнүн Украинадагы карапайым калкка каршылыгы, анын ичинде, ракка чалдыккан балдардын ооруканасына каршы эң соңку чабуулдары айтылып, адамзатка кастарын тиккени кескин түрдө айыпталды.

-- Бизде Россияны жана Украинаны колдогондордун карама-каршылыгы байкалып келет. Эки жаатка бөлүнүү, бири-бирине маалыматтык чабуулдарды жасоонун жыйынтыгы эмнеге алып барышы мүмкүн?

-- Кыргызстандагы ой-жорумдарды алсак, “согуш Европанын бир жеринде, бизге тийешеси жок” деген пикирлер чынында басымдуу. “Дзержинкада” өскөн чөйрөнүн бир бөлүгү “Россияныкы туура” деп эсептейт. “Кыргызстан Россиянын курамына кирсе жакшы болмок” деген маңкуртар да бар. Керек болсо кээ бир саясатчылар Кыргызстандын конфедерацияга киришине көмөктөшкөн. Мындан кийин алар кантип “саясый өлүктөргө” айланган жок?..

Ошондой эле Украинадагы окуяларды тарыхый бурулуш катары кабыл алган коомдун чакан бөлүгү бар. Россия империяга айланабы же жокпу, Украинадан көз каранды. Азыр Советтер Союзу кайра жарала тургандыгы чечилип жатат. Украинаны колдогон адамдар көп эмес, бирок бул абдан активдүү, билимдүү бөлүгү болуп саналат. Аныгында кеңейе берет, багыт ошол жакка ооп бара жатканын көрүп турам.

-- Бирок бизде таасирдүү колдоочулардын жигери анча байкалбайт го?..

-- Ачык эле айтыш керек, Украина кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда эмес. Анткени биз кичинекей мамлекетпиз, башка аймактарга таасир этүү дымагыбыз жок. Башкача айтканда, Кыргызстанга кызыгуусу бар дүйнөлүк жана аймактык державалар, коңшу мамлекеттер менен гана тыгыз иштешебиз. 

Ошондуктан мен дайыма БУУнун уставына басым жасайм. Украина Кыргызстан сыяктуу эле 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгон. Эл аралык коомчулук капысынан аннексияланган Украинанын аймактарын Россияга калтыруу керек (!) деп чечсе, биздин жалпы таанылган статусубуз солкулдайт. Буга жол бербеш керек. Активист катары биздин милдетибиз – эгер Украинада ушундай болуп кетсе, эртең Кыргызстанда да күчкө салган эксперименттин жүргүзүлүшү мүмкүн экенин ачык айтуу, элге жеткирүү талапка ылайык... 

-- Согуш оту тутанып аткан өлкөнүн эртеңи барбы?

-- Жакынкы келечекте Украина Европадагы гүлдөгөн өлкөлөрдүн бирине айланат, ал жакта экинчи Маршал планы ишке ашат жана абдан чоң инвестициялар агарына толук ишенем. Ал эми бул Кыргызстандын Европага карай жол ачканы... Жүздөгөн, миңдеген мигранттарыбыз талкаланган инфраструктураны калыбына келтириш үчүн иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

--АКШдагы президенттик шайлоо дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурдурууда. Учурда Байденге караганда Трамптын рейтинги өсүп атабы? Кимисинде шанс көп?

-- Америкада саясый чыңалуу күчтүү. Кастык пропаганда абдан таасирдүү орун алган. Трампка болгон кол салуу ошонун жыйынтыгы. А Байденсаясат согуш талаасына айланбашы керектигин, кандай гана пикир келишпестик болбосун, баары добуш берүү жолу менен чечилиши зарылдыгын белгиледи. Бул биздин саясатчыларга сабак болушу керек. Биздин бийлик оппозицияны, эркин медианы душман катары карабаса дейт элем. Трамп же Байден президент болобу, Кыргызстанга таасири анча тийбейт. Анткени АКШда институттар күчтүү. Ички жана тышкы саясат кайсы президент келбесин радикалдуу түрдө өзгөрбөйт. Бир гана Трамп президент болуп келсе, мигранттарды кысуу саясаты күчөшү мүмкүн. 

--Күзгө карай Кыргызстандагы саясый кырдаал оорлошпойбу? Кандай терс көрүнүштөр “ырбаганга” салым кошушу мүмкүн?

-- Бир эле нерсени айтайын. Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Бул эмнени билдирет? Биздин өлкө дүйнөдө болуп жаткан процесстерге, ошонун ичинде климаттык өзгөрүүдөн көз каранды экенинин белгиси. Ириде бүгүн-эртең саясый чыңалууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бийликтегилер ички душманды издебей, тышкы табигый жана башка коркунучтарды жеңүүдө элди бириктирип, анын артынан аракет кылса туура жыйынтык болот.  

--Өлкөбүздөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына карата мамиле өзгөрөбү? Бийлик кандайдыр бир гумандуулукка барып, эркин ой жүгөртүүгө шарт түзөбү?

-- Биздеги үч революциядан алган бир чоң сабак бар. Репрессия биздин өлкөдө иштебейт. Ага мамлекеттин аппаратынын күчү жетпейт, элдин духун да сындыруу мүмкүн эмес. Тескерисинче,карапайым калкты кыжырдантат, өзгөчө өткүрлөрү көчөгө чыгууга жол издешет. “Мамлекеттик төңкөрөшчүлөр” да ар кайсы аймактан байма-бай кармалып жатканы да мунун белгиси эмеспи. Ошондуктан демократия түзүүдөн, андан ары парламенттик өлкө куруудан башка бизде альтернатива жок. Бир гана убакытты уттуруп жатканыбызга кейийм...


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер