Канышай Рысбекова, журналист: «Таштандылардын эң кооптуусу – дөңгөлөк”

-- Канышай, ыштан эми кутулабыз деген убактабыз. Таштанды дөңгөлөктөр боюнча дагы чоң көйгөйлөр бар экен. Зыяндуулугу абдан эле жогору турбайбы. Бул боюнча иш жүргүзүп жатканыңарга да күбө болдук...
-- Кыргызстанда 16,5 миллион тонна таштанды бар. Алардын эң кооптуусу – дөңгөлөк. Андан чыккан изопрен – рак оорусун чакырса, бутадиен – адамдын нерв системасын жабыркатат. Узакка созулган таасирден улам адам эсин жоготуп, галлюцинацияга жана өлүмгө чейин жетиши мүмкүн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнөдө дөңгөлөктөрдүн 70%дан ашыгы кайра иштетилбейт жана утилдештирилбейт. Ал 150 жылда чирип жок болот.
-- Бизде дөңгөлөк таштандысы тууралуу кандай маалыматтар бар?
-- Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын автоунаа бар болсо, андан эки эсеге көп дөңгөлөктөр бар. Уулуу заттарга караганда дөңгөлөк айлана-чөйрөгө миң эсе зыян келтирет. Себеби, анда 15ке жакын уулуу химиялык заттар бар. Буга чейин Бишкектеги вулканизацияларга эски дөңгөлөктөрдү сатууга тыюу салынган, ага карабай мончолордо жана шаар четиндеги конуштарда иштетилип жатат. Дөңгөлөктөрдүн күйүү температурасы көмүрдүн күйүү температурасына барабар. Аларды өрттөгөн учурда уулуу заттар экологияга гана эмес адам өмүрүнө да терс таасирин тийгизет. Айлана-чөйрөгө күкүрт, бензопирен, фуран, диоксин жана башка канцерогендик кошулмалар тарайт. Бул газдар бүт Чүй өрөөнүнө тарап, ал эми Бишкекти коюу кара ыш каптоодо.
-- Кайра иштетүү жолдору барбы?
-- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда резина буюмдарын, атап айтканда, эскирген дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү маселеси курч. Айдоочулар эски дөңгөлөктөрдү гараждарына сактоодон же таштанды төгүүчү жайга ыргытуудан башка аргасы жок. Жер астында калган дөңгөлөк 150 жылдан ашык убакытта чирип, жер астындагы сууларды жана анын айланасындагы аймактарды булгайт. Экологдор дөңгөлөктөр “көмүлгөн” жерлерде эгин өстүрүүгө мүмкүн эместигин да белгилеп келишет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити