Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ыктыярчы медайым катары иштеп жаткан 20 жаштагы кыз каза болду

Ыктыярчы медайым катары иштеп жаткан 20 жаштагы кыз каза болду

14-июль, 11:32
889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болуп калды. Бул тууралуу Данияр Амат аттуу дарыгер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Абдан өкүнүчтүү, жаш экен, энтуазиазм жана мекен алдындагы милдет анын ишке чыгуусуна түрткү болгондур. Андан дагы обсервацияларда реанимациялык иш-чаралар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интубациялык мешоктор, амбулатордук каражаттар, ларингоскоп, шокко каршы аптечкада да жок. Адамды сактап калуу үчүн негизги атрибуттар жок. Студенттер, ыктыярчыларды ишке чакыруу менен аларды отко салып беришти. Акылдуу сынбай балким аларды жок дегенде 2 жума окуудан өткөрүү керек эле. Юридикалык жактан көптөгөн суроолор жаралууда. Силер ата-энеңер үчүн жалгызсыңар, бул орду толгус жоготуу" деген ал өз билдирүүсүндө.

Super.kg порталы окуянын күбөлөрүн тапты. Алардын бири атын атагысы келбеген жаран окуя анын көз алдында болгонун билдирген.

"Бул кейиштүү окуя кечээ, 13-июлда Бишкектин борборунда жайгашкан мейманкана-обсервациялардын биринде болгон. Каза болуп калган кыз болгону 20 жашта экен. Обсервациядагылар "Тез жардам" чакырышты. Медиктер өмүрүн сактап калууга жан үрөп жатышты. Тилекке каршы, жаш кыз каза болуп калды. Менин айткым келгени ал жакта жалаң жаштар иштейт экен. Жаштыгы менен көп нерсени жүрөгүнө катуу кабыл алышат окшойт. Себеби тиги жаш кызды жүрөгүнөн кармап каза болду дешти" , - дейт күбө.

Социалдык тармакта жазылган айрым маалыматтарга караганда, студент кыз окуган окуу жайдын жетекчилиги маркумду жүрөгүнөн эмес, коронавирус болуп көз жумганын, студенттерге күнөө коюп жатканы айтылат.


Super.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер