Бармагын кырча тиштеп, өкүнүп калбайбы? Жеңишбек Токторбаев боюнча...

Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин түрдүү кылык-жоруктары талкууга алынып бүтпөй жатат. Кол астындагыларды кагып-силккени, этикадан сырт кеткени, салыктарды көчөдөн эле көбөйтүп, ишкерлерге ар кандай суммаларды илгени, өчүрөңдөй чуркаганы, көп жерди талкалап койгону, бирок качан кайра сапаттуу куралары, кызыгы, толук кандуу Оштун жаңылануусуна дегеле ишеним барбы? Кепилдиктер көрүлөбү? Же атайын “актёр” сыяктуу бирөөнү чыгарып, элди алаксытуунун долбоору катары жасалганбы? Жеңишбек Токторбаев “куурчакка” айланып аткан жокпу? Эртең бармагын кырча тиштеп, өкүнүп калбайбы? Сыягы, күмөн саноолор барган сайын арбып бараткандай. Иштин натыйжасы көрүнбөй, жеңил-желпи алаксытууларга байланганыбы? Толук кандуу түшүнүү кыйындык жаратууда. Оштун ойронун чыгарып туруп, жарамсыз абалга кептелсечи? Ошентип, ток этерине келсек, соболдор арбып баратат. Эл да таңгалууда. Жок дегенде үмүт жаратууга жарабай калдыбы?
"Азия Ньюс" гезити