Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элүү бала төрөгөн аял жардамга муктаж

Элүү бала төрөгөн аял жардамга муктаж

18-декабрь, 14:12
878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түштүк Африкада жайгашкан Уганда республикасында 39 жаштагы аял 14 жашынан бери 50 бала төрөгөн. Учурда балдарын бага албаган аял жардамга муктаж экенин айтууда. 

Ал аялдын аты-жөнү Марион Набатанзи. Анын 23 уулу, 21 кызы бар, алты баласы төрөт учурунда эле чарчап калышкан.

Марион Угандадагы башка кыздардай эле 13 жашында ата-энеси өзүнөн 27 жаш улуу адамга сатып жиберишкен. Бул өлкөдө эркек кишилер жаш кыздарга жубай катары эмес, сексуалдык обьект катары карашат.

Көп өтпөй Марион эгиз балалуу болот. Кийинки жылы үч, андан соң төрт эм төрөгөн. 13 жашында турмушка чыккан Набатанзи 38 жашында 44 баланын энеси болгон. Угандадагы башка үй-бүлөлөр сыяктуу эле Мариондун бүлөсүнун экономикалык абалы начар, жакыр жашашат. Анын жолдошу балдарын тарбияламак тургай жубайына жакшы мамиле кылганга жарабайт. Балдарын багуу үчүн көп убактысын жумушка арноого туура келет.Мариондун балдарын багуу үчүн күнүгө 10 килограмм жүгөрү, 7 килограмм буурчак, 4 килограмм шекер керектелет. Ушундай кыйынчылыкка карабастан, Марион балдарынын билим алуусун каалайт. Бири юрист, бири врач жана мугалим болууну кыялданышат экен.
 Ал эми Марион балдарын Кудай тарабынан жиберилген белек катары эсептейт. Аларга кам көрүү менин милдетим дейт.

Уганда Африкадагы эң жаш мамлекет катары эсептелет. Ошентсе да элинин саны 34млн 856 813 түзөт. Дүйнө жүзүндө акыркы мезгилде калктын саны өсүү жагынан экинчи орунда турат, ошол эле учурда жаш балдардын өлүмү да көп катталат. Элинин көбү дээрлик жакыр жашашат. Элдин  6 %  ВИЧ инфекциясы менен жабыркайт. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер