Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аламанга аттанган Таалайбек Сарыбашев дагы уят кылбайбы?

Аламанга аттанган Таалайбек Сарыбашев дагы уят кылбайбы?

15-октябрь, 18:55
1 915 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жылы Ош мэриясы Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү боюнча тендер өткөргөнү, натыйжада, 252 миллион сомдук долбоорду “Капитал Курулуш” ЖЧКсы утканы шек жараткан. Бул боюнча УКМК өткөн айда коррупция боюнча кылмыш иштерин козгогону белгилүү. Эске салсак, 2020-жылы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эле. Дал ушундай оор беренеге шектелген адам учурда “Ата Журт Кыргызстан” менен аламанга аттанып алыптыр. Кандайча түшүнөбүз? Артында “калбыры” бар неме партияга көлөкөсүн түшүрүп, артка тартпайбы? Мансап, байлык үчүн бет пардасын сыйрып салып, кошомат кылып, өчүрөңдөй чуркай береби? “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” дегендей, Таалайбек Сарыбашев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу катары он күн араң иштеп, билими, тажрыйбасы жоктугунан ыргып кеткенин унута элекпиз. Дагы уят кылбайбы? Күтө турабыз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер