Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозбек Молдалиев: “Кыргызстанга талибандардан эч кандай коркунуч жок”

Орозбек Молдалиев: “Кыргызстанга талибандардан эч кандай коркунуч жок”

19-август, 11:15
1 758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Орозбек ага, Афганистандагы талибандар биздин мамлекетке коркунуч жаратабы?

-- Бир топ саясат талдоочулар, анын ичинде чет элдиктер башынан эле “талибандар Кабулга келсе эле силердин Борбор Азияны басып алат” деп биздин жүрөгүбүздү түшүрүп атпайбы. А чын-чынында, талибандын андай максаты жок. Талибандар 1996-жылы Кабулду алган. Андан бери бир да жолу башка мамлекетке, башка тарапка кол салган эмес. Өздөрүнүн бийлигин чыңдоо аракетин кылып келишет. Булар расмий түрдө деле ааламга “биз эч кимге кол салбайбыз” деп жар салган жана андай максаттарды каалашпайт. Бирок, 1999-жылы Баткен окуясында Өзбекстандагы Ислам кыймылы Афганистандын аймагында машыгуу базасын өткөрүп, ошолор бизге кол салышкан. Тажикстанда базасы бар болчу. Эгер ошондой топтор болсо, жайгашканга жол бериши мүмкүн. Болбосо талибандар радикалдык, экстремисттик маанайдагы топтор, “Ислам бийлигин гана орнотобуз, андан башкасы туура эмес” деген максаттагылар. 

-- Ошон үчүн Саакашвили бизди “эртең силерге кол салат” деп коркутуп атабы?

-- Бул мындай да, аскердик күч менен Борбор Азияга келгенде ОДКБ менен иштери чатак болуп каларын жана кандай жооп аларын билет. Ал эми терррористтик топтор иштей беришет. Алардын баштагыдай ачык согуштары жок. Бүт эле гибриддик согуш. Жашыл камуфляж кийген кишилер пайда боло калышат. Тополоң чыгарып ийет. Украинаны көрдүк. Крымды келип эле ары түртүп, бери түртүп, бийликти оодарып салды. Ошондой максаттагылар жок эмес. Бул жаатта Кыргызстанга эч коркунуч жок. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер