Чиновниктердин чет өлкөгө барып дарылануусуна тыюу салуу керек

“Биз медициналык окуу жайларыбызда Индиянын жарандарын окутуп жатабыз. Бирок элибиз кайра ошол Индия, Түркия өлкөлөрүнө барып, органдарын алмаштырып, ден соолуктарын чыңдап жатышат”. Мындай пикирин депутат Жусупбек Коргонбай уулу 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал “бул маселеге көңүл буруп, чараларды көрүү керек же мыйзам долбоорун сунуштагыла” деп саламаттык сактоо министрлигинин өлкүлдөрүнө кайрылды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев бул боюнча мыйзам мурунку чакырылышта колдоо таппай калганын билдирди.
"Учурда өтпөй калган мыйзамда кандай мүчүлүштүктөр болсо, баарын толуктап жатабыз. Академик, профессорлор менен талкуулап, Жогорку Кеңешке алып келебиз. Сиз туура баамдадыңыз. Орган алмаштыруучу бейтаптын 3-4 тууганы чет өлкөгө барып анализ тапшырууга туура келип жатат. Себеби, бириники туура келсе, бириники туура келбей калууда. Биз бул маселенин айланасында иштерди жүргүзүүдөбүз" деди Мамадалиев.
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктер ооруп калса, чет өлкөгө барып дарылануусуна тыюу салуу керектигин билдирди.