Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүнкү күндө мектептерде 839 мугалим жетишсиз

Бүгүнкү күндө мектептерде 839 мугалим жетишсиз

18-октябрь, 12:12
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, мугалимдердин жетишсиздиги өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң 785тен 839га түштү.

"Башкача айтканда, мугалимдердин жетишсиздиги 3,3 пайызга төмөндөдү. Алсак, Бишкекте 235, Жалал-Абадда 69, Чүйдө 253, Ысык-Көлдө 41, Таласта 30, Нарында 10, Баткенде 113, Ош шаарында 23 жана Ош облусунда 75 мугалим жетишсиз" дейт ал.

Жусупбекова мугалимдердин жетишсиздиги боюнча мониторинг октябрдын аягында бүтөрүн айтып, сандар дагы азайышы мүмкүндүгүн белгиледи.

"Шаарларда информатика, математика, химия жана физика сабактарынын мугалимдеринин таңсыктыгын байкалууда. Аймактарда болсо башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз. Ал эми жогорку окуу жайларында педагогика кесибинде бюджеттик негизде окуп аяктаган студенттер менен иштеп жатабыз. Акы төлөп окугандан кийин мугалим болуп иштейби-иштебейби өздөрү чечет. Мындан сырткары, кыздар турмушка чыгып, эркектер аскерге кызмат өтөөсү дагы өз кесиби менен иштебей калуусуна алып келүүдө" деди министрдин орун басары.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер