АКШ-Иран ортосундагы 14 пункттан турган келишим жарыяланды


АКШ менен Иранды мунасага алып келген 14 пункуттук келишимдин толук варианты бүгүн жарыяланды. Мунун түп нускасы Араптардын гана колуна тийген имиш. Түркиянын Sabah маалымат агенттиги ушинтип жазды. Эл аралык басылмалардын айтымында, келишимге БУУнун Коопсуздук Кеңеши чекитин коет. АКШ-Иран ортосундагы 14 пункуттан турган келишим:
1-АКШ менен Иран келишимге кол койгон күндөн баштап, согушту токтотууга жана бири-бирине согуштук аракеттер аркылуу кысым көрсөтүшпөөгө милдеттенишет. Согуш биротоло токтойт жана бул пункут Ливия өлкөсүн да камтыйт.
2-Иран менен АКШ бири-биринин аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурушпайт жана ички иштерине кийлигишпейт.
3-Иран менен АКШ 60 күн ичинде толук түрдө тынчтык келишимин түзүп бүтүшөт.
4-Келишимге кол коюлган күндөн баштап, АКШ 30 күн ичинде Ормуз кысыгындагы транспорттук каттамды мурдагы калыбына келтирет жана аймактагы баардык күч түзүмдөрүн чакыртып алат.
5. Келишимге кол коюлган күндөн баштап, Иран Ормуздагы техникалык тоскоолдуктарды жоёт, миналарды тазалайт жана Басрадан Оман булуңуна чейинки деңиз каттамдарын мурдагы калыбына келтирет.
6. АКШ Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен биргеликте Иранга 300 миллиард доллар каражат берүүнү убадалайт. Ошондой эле Иранды кайрадан калыбына келтирүү үчүн жол картасын иштеп чыгат.
7. АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана МАГАТЭнин (Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) чечимин жетекчиликке алып, Иран туш болгон баардык санкцияларды токтотот. Бул чечим эки тараптуу келишимге кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Иран эч качан атомдук курал жарак өндүрбөөгө милдеттенет.
9. Макулдашылган келишим соңуна чыкканга чейин Иран ядролук курал боюнча жетишилген келишимди бузбайт. АКШ болсо, Иранга кайрадан санкция киргизбейт жана аймактагы өнөктөш өлкөлөрдөгү аскердик базаларына куралдуу күчтөрүн көбөйтпөйт.
10. АКШ келишимге кол коюлган күндөн баштап жана санкцияларды жойгонго чейин Ирандын нефтисине, петрохимиялык үрүндөрүнө, банкачылык, камсыздандыруу, логистика сыяктуу баардык кызматтарынын экспортуна тоскоолдук жаратпайт.
11. Эки тараптуу келишим соңуна чыккандан кийин АКШ Ирандын тоңдурулган финансылык каражаттарын бошотот. Бул багытта керектүү болгон лицензияларга жана уруксат кагаздарына жол ачат.
12. Иран менен АКШ келишимдеги баардык пункуттарын турмушка ашыруу үчүн көзөмөл кеңешин түзүшөт.
13. Келишимдеги 4-5-10 жана 11-пункуттар ишке ашкандан кийин тараптар калган пункуттардын иштешин жолго салуу максатын көздөп, кайрадан жолугушат.
14. Тараптар макулдашкан акыркы келишим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен бекитилет.

Манас Осмон











