Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйлөгүсү, уккусу келген кызымдын тагдыры сиздердин колуңуздарда!

Сүйлөгүсү, уккусу келген кызымдын тагдыры сиздердин колуңуздарда!

27-февраль, 00:16
2 513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам баласы бул жашоодо көп сыноолорго дуушар болуп, ойго келбеген кыйынчылыктарды баштан кечирет экен. Кырсык адамдын бай-кедейин тандабай тооруп алса, айласыз көтөрүүгө мажбур болосуң. Ооба, азыркы учурда мага окшоп жардам сурагандар көп болуп кетти. Айлабыз жок, жогору жактагылар жардам бермек тургай, кабыл албайт дагыЭл аман болсун. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, жардамы менен шыпаасын тапкандар арбын. Кудай тилегиңиздерди кабыл кылсын. Бергениңер Кудайдан миң эсе болуп кайтып келсин. Менин кызыма да жардам берип коюңуздар. 

Кызым Бекбулатова Айдинанын эки кулагы укпайт. Кохлеар имплант (КИ) деп интернет булагынан көп нерсени билсеңиздер болот. Айдинага алты жыл мурун операция жасатканбыз. Азыр кызым көп сөздөрдү үйрөнүп калды. Угуп, сүйлөгөнгө  аракет кылып жататУгуучу аппаратты ар бир беш жылда алмаштырып туруу керек. Аппаратыбыздын баасы 9200 евро турат. Биз бул аппаратты алуу үчүн жардамга муктажбыз. Беш жыл аралыгында кызыбызды атайын адистер окутуп келди, 45 мүнөттүк сабагы 450 сом. Бир айда 5000-6000 сомду окуусуна сарптайбызУгуучу аппараттын батареясы эле 2300 сом. Мына ушул жана башка чыгымдар болуп жатып, каражат чогулта албай, эми элден жардам сурап кайрылуудабыз

Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөр өз жарандарын мамлекет тарабынан каржылап, аппараттарын алмаштырып берет. Бизде болсо “бюджетте акча жок” деген гана жооп алабыз. Айлабыз жок, кайрымдуу элге кайрылып отурабыз.  

Калайык калкым! Он гүлүнүн бири ачыла элек, эми жетилип келе жаткан, ушунчалык сүйлөгүсү, ырдагысы келген он жаштагы кызым Айдинанын тагдыры сиздердин колуңуздарда! Кайдыгер карабай жардам берип коюңуздар! Ар бир эненин жүрөгү акыркы кагышына чейин “балам” деп согот. Ар бирибиз бала үчүн эмнеге гана барбайбыз! Сиздерден 20 сомдон эле жардам сурайм. Ар бириңиздердин 20 сомуңуздар Айдинаны сүйлөтүп, уктурууга, ырдатууга көмөк болот!

Жардам берүүнү каалоочуларга Элсом: 0704-21-03-80. Вотсап да ушул номерде. Баардык документтерин көрсөтүүгө даярмын.


Назгүл Толопбергенова апасы 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер