Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Биздин медицина коронавирустун экинчи толкунуна даяр эмес”

Калдарбек Абдраманов: “Биздин медицина коронавирустун экинчи толкунуна даяр эмес”

29-май, 14:57
1 676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын башкы кардиохирургу менен маек

-- Калдарбек агай, коомдук транспорттор ишке кирип, кадимки жашоо башталды. Кандай кооптуулук, коркунучтар күтүлүшү мүмкүн? Кыргызстандын башкы кардиохирургу

-- Элибиз оорунун кооптуу экенин али түшүнө элек. Тескерисинче, ооруну этибарга албай жатышат. Жоопкерчилик жок. Оору мени айланып өтөт, же мен оорубайм деген өзүн-өзү алдоо, алаксытуу менен күнүмдүк тиричилик өтүүдө. Эң эле жөнөкөй – маска тагуу эрежесин үйрөнө албадык. Албетте, бул улуттук менталитет, жалпы коомдук аң-сезимдин деңгээли менен түшүндүрүлөт. Дагы бир айтып койчу нерсе, элдин көпчүлүгү болбосо да айрымдары “Кудай сактайт, чекеге жазылганды, буюрганды көрөбүз деген ниет менен жүрүшөт. Бул өтө кооптуу. Албетте, адам өзүнүн ден соолугуна көңүл бурбай кайдыгер болушу мүмкүн. Бирок, ата-энеси, туугандары, балдары жөнүндө ойлошу керек эле. Азыр элдин шаарда жүрүшүнө чоң эркиндиктер берилип, автотранспорт каттамдары ишке кирди. Менимче, эл талап кылынган эрежелерди толук сактабай, оорунун таралышына шарт түзүлөт. Автотранспорт ээлери да тийиштүү тартипти сактабай, талаптарга көңүлкош болушат го (?) деген ой бар. Негизгиси, өкмөт карантин учурунда катуу тартип орното албады эле, азыр эркиндик берилгенде көзөмөлдөө андан да кыйын болорунан чочуйм. Акыркысы, кокус акыбал оорлошуп кетсе, биздин медицина да тийиштүү жардам бере албай, кол куушуруп туруп берерибизде шек жок. Себеби, мен биздин медицинанын акыбалын коронавирусу жок кезде деле жакшы билип, көрүп жүрөм. Пандемия башталганына, вирус бизге келгенине көп убакыт өттү, тилекке карш, алдын алуу, күрөшүү боюнча алгылыктуу иштерди жасай албадык. Эми деле чечилбеген көп кемчиликтер бар. 

Кыскасы, биздин медицина экинчи толкунга даяр эмес. Ошондуктан, жалпы элибиз, өзгөчө шаардыктар, акыбалды туура түшүнүп, экинчи толкун болушун каалабасак, өкмөт, саламаттык сактоо министрлиги жана республикалык штабдын талабын кынтыксыз аткаруусу зарыл. Бирок, баары бир өкмөт катуу талап коюп, эрежени катаалдаштыруусу абзел. Коронавирусту жеңүүнүн башка айласы, жолу жок.

-- Карантин учурундагы жүргүзүлгөн иштер сизди канааттандырбы?

-- Карантин болбосо, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал болбосо, абдан жаман болмок. Тажикстанды көрүп жатабыз го. Бирок, ошол эле учурда карантиндин шарттарында вируска каршы толук кандуу иш алып бара албадык. Арасат иш жүргөндөй болду. Ал эми азыр проблема эки эсе көбөйөт. Алардын негизгиси, сырттан кирип жаткан журтташтарыбыздын жүрүм-туруму, өкмөттүн аларга койгон талабы, түзүп берген шарты менен байланыштуу болчудай...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер