Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кожобеков, Мусаев, Үсөнов аттуу ректорлор “Манаска” каршы чыгыштыбы?

Кожобеков, Мусаев, Үсөнов аттуу ректорлор “Манаска” каршы чыгыштыбы?

23-май, 19:30
381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ааламдашуунун шартында улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калалы, ал үчүн улуттук уңгубуз “Манаска” кайрылалы” деп президент Садыр Жапаров өзү колдоп, театрын ачып, “Манасты” илим-изилдөө институтун түзүп, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “улуттук биримдик, эркиндик идеяларын “Манастан” алалы, таяналы” деп кыргыздын чыгарып келген уңгубуз өлкөбүздүн идеологиясынын башкы багытына айланып отурат. 

Кызыгы, таламандын тал түшүндө ошол мамлекеттик саясатка кайчы келген, каршы иштерди жасап жаткан университеттер да бар экен. Маселен, Кудайберди Кожобеков жетектеген ОшМУда, Абдылда Мусаев башкарган К.Карасаев атындагы БМУда, Кеңешбек Үсөнов жетектеген Б.Осмонов атындагы ЖАМУда Манас таануу предмети кыскартылып, окуу планынан алынып салыныптыр. Ооба, туугандар, “Манас” мектепте окутулат, анын ордуна чет тилин окутабыз” деген чилистен ректорлор пайда болуптур. Университетте “Манас” илимий деңгээлде окутуларын, улуу эпосту изилдеген үч миңден ашык иликтөөлөр бар экенин, “Манас” улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу, кыргыз мамлекетинин руханий пайдубалын бекемдөө, өлкө ичиндеги биримдикти, улут аралык ынтымакты чыңдоо үчүн аба менен суудай зарыл экенин түшүнбөгөн сабатсыз ректорлор чолок акылдары менен ушундай чоркок чечим кабыл алышыптыр. Билим берүү жана илим министрлиги мындай дөөгүрсүгөн ректорлорду тыйып, мамлекеттик саясатка, идеологияга каршы келген чечимдерин оңдойбу, же “Манасты” жокко чыгарып, кордогон бул чечим чоң чырдын башы болобу? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер