Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абад ОИИБде Марлис Асанов көпкө турбай калды го...

Жалал-Абад ОИИБде Марлис Асанов көпкө турбай калды го...

26-апрель, 18:46
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марлис Асанов Жалал-Абад ОИИБни жетектеп отурат. “Бул эмне эле кежейип, кыялын көрсөтөт ыя?” деп өздүк курамда жини келгендер бар экен. Камыр-жумур аралашып кете албай... Ал кылмыш ачуу жагына гана басым жасап, башкасы калып калганы кандай? Жалпы коомдук-коопсуздук абалды тескөө, эл менен жолугушуу, аймактарды кыдыруу жагы унутта калгандай. Өткөндө Паша “Асанов кайда?!” деп кыртышы сүйбөгөндөй үн чыгарган. Маалыматтар жетсе керек. Аныгында, иши алдыга жылбай тыгылып, өзүн көрсөтүүгө шаасы келбегендей. Жакында өздүк курамдын ичинен каршылык көрсөтүүгө батынгандар чыгышабы? Тымызын ичтен козушуп, бугуп жатышкандары жөн жерден эместир...

Айтмакчы, Жалал-Абад ОИИБнин мурдагы начальниги Жеңиш Абитов кеткенден кийин милициянын күжүрмөн катмары анын иштермандыгын, тынбаган аракет баалашып, өкүнүп калышкандары бекер жерден эместир. Ооба, Жеңиш мырзанын баркын дагы далай билебиз...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер