Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Башаламандыкты Жээнбеков кылды. Атамбаевдин күнөөсү жок”

Токтогул Какчекеев: “Башаламандыкты Жээнбеков кылды. Атамбаевдин күнөөсү жок”

04-декабрь, 11:34
8 317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтогул мырза, Кыргызстанда эрте турганы эле акыл үйрөткөн адат пайда болду. “1993-жылкы Конституцияга кайра келсек, Конституция боюнча тил табыша албаган тараптар мунасага келет” деген ойду кыйыткандар да бар. Чындап эле 1993-жылкы Конституцияга келсек эле маселелер чечилип, баары ойдогудай болуп калабы?

-- Кагаз – эмнени жазса көтөрө берет. 1993-жылы кабыл алынган Конституция социалисттик көз карашка жакын болчу. Анда элге табигый байлык, жер-суу дегендин баары таандык болчу. Демек, тиштерин кайрап турган эргулдар жерди менчиктештирип алууга даяр болгондон кийин ал Конституция өтпөй калган. Тагыраагы, азыр баары менчиктешип кеткенден кийин эч ким колго түшкөн байлыкты колдон чыгарбайт. Буга олигархтар жана элиталар менен “чимкириктер” жол бербейт.

-- Жаңы Конституция талкууга алынып, конституциялык кеңеш түзүлгөнүнө карабай, “президенттик башкаруу менен алдыга жылуу мүмкүн эмес” дегендер бар. Конституцияны өзгөртүп, башкаруунун түрүн аныктап албасак, мамлекетти өнүктүрүп, өстүрүүгө мүмкүн эмеспи?

-- Конституцияны кандай гана ойкуштатып өзгөртпөсүн, эч майнап чыкпайт. Тагыраагы, биз отуз жылда башкаруунун баардык түрүн колдондук. Бир гана Атамбаевдин убагында чыр-чатаксыз жашадык. Сооронбай Жээнбеков келгенден бери мамлекетте башаламандык, мыйзамсыз иштер орун алып, маанилүү делген маселелер көзөмөлдөн чыкты. Анын ишенимине кирип алып, чалмакейди чалгандардын, кызыл кулак сүткорлордун мамлекетти туш тараптан мите курттай жеген иштери гезиттерге байма-бай жарыяланып турса да, тизгинин тарткан жан болгон жок. Алтургай “Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүгө аргасыз болгонуна да “ака-үкага” тийешелүү акча агымы себеп болгон. Садыр Жапаров телефонго жазылган “ака-үка” жолундагы акча жасаган агымды көрсөткөндөн кийин унчукпай бийликтен кеткен” деген сөздөр айтылууда. Жээнбеков жоош болумуш болгону менен пулдун агымын колдон чыгарган эмес. Кыскасы, президенттик башкаруу болобу, же парламенттик башкаруу болобу, мамлекет башында мамлекетчил, сезими бышык, акыл-эстүү, уят-сыйыттуу адам келбесе, Конституцияны алмаштырып, башкаруунун түрүн тандаганыбыздан маселе деле чечилбейт. Мыйзамсыз иштер улана берет. Ошон үчүн мамлекет башына татыктуу адам келиши керек.

-- Жаңы Конституцияда бийлик бутактарын бөлүштүрүүдө калпыстыкка жол берген жагдайлар бар деп сындагандар да аз эмес. Сиз жаңы Конституциядан жаңычылдыкты, артыкчылыкты байкай алдыңызбы?

-- Мен жаңы Конституциядан укмуштуудай жаңычылдыкты, артыкчылыкты деле көргөнүм жок. Тескерисинче, кимдин бийлиги күчтүү, кимиси барктуу, кимдер башкы прокурорду, сотторду дайындайт жана ушул чөйрөдөн чыкпаган толуктоолор эмес, кайталоолор орун алып жатканын байкап жатам. Талкууга түшүп жаткан Конституциядан элдин укугу кандай экенин, бийликке берген ишеними эмне менен бааланары жана бийлик кандай талаптарды аткарышы керек экенин окуганым жок. Эң негизгиси, “мамлекетти сактап калам, адилеттүү бийлик жүргүзөм” десе, ким бийликке келсе да, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган Бакай жолу унутулбашы керек. Тилекке каршы, биздин мадыра баштар ата тегинен кордук көргөнбү, же балдар колониясында өскөнбү, эмнегедир улуу кишилерди кордоп, кемсинтип, алардын өлүмүн тилегендей жагымсыз, акылга сыйбаган заар сөздөрдү айтышат (!). Төңкөрүш жолу менен бийликке илешип калган жаштардын абалын, маданиятынын жоктугун көрүп кыжалат болом. “Булар кыргыздын бийлик тууралуу айтылган осуяттарын кантип колдонушмак эле?” деп зээним кейийт.

-- Кечээ Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан шаардык соттун чечимин жокко чыгарды. Ошондо сот системасына адилеттик орной баштадыбы, же Атамбаевдин күнөөсү жок экени аныкталдыбы?

-- Жогору соттун бул чечими кур жалаанын курмандыгы болгон Атамбаевдин такыр күнөөсү жоктугун аныктады. Мамлекетти башкарыш үчүн терең билимдүү, тажрыйбасы мол, көз карашы каныккан адамдар керек экенин далилдеди. Азыр көпчүлүктүн бийлик үчүн кылбаган ишти кылгандары ачыкка чыгып, бети ачылып, шүмшүк доордун жоруларындай эле болуп калды. Мына, үч жолу төңкөрүш болду, тогуз жолу Конституция өзгөртүлдү, эмнеге жеттик? Мамлекетте ээнбаштыктын бороону согуп, ызгаарын чачып турат. Сойкулук, уурулук, кылмышкерлик биздин коомчулукту курчап алды. Ушундай абалда ким элдин мүдөөсүн аткарып, жашоо турмушун оңдой алат? Жөн эле эрегишип, акылы толук эместердин жолуна түшсөк, дүйнөгө маскарапоз болобуз. Кыргызда “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген сөз бар. Кандай гана башкаруу болбосун, бийликтеги кызматтын баары уткандардын байгеси болот дагы, мурункудай эле даражалуу кызматтар ага-туугандарга, жердештерге, досторго, куда-сөөктөргө берилип, калганы кызылдай акчага сатылабы (?) деп кооптонуп турам. Кудай мамлекет башына келгендерге ынсап, ыйман берсин! Жараткан элибизге жар болуп, оор абалдан чыгып кетели!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер