Айлыгынын аздыгына нааразы болуп, жетекчисин ууландырып салган

Кытайлык Yoozoo Games аталышындагы оюн-зоок компаниясынын жетекчилеринин бири Линь Ци өздөрүндө иштеген кызматкер тарабынан ууландырылды. Айтылгандарга караганда, ал айлыгын төмөндөткөнү үчүн жетекчиси Линь Циге нааразы болгон.
Шанхай шаарында 16-декабрда унаасы менен үйүнө келе жаткан Линь Ци күтүлбөгөн жерден өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылган. Абалы туруктуу делген жетекчи эртеси көз жумган.
Оорукана Линдин ууланганын полицияга кабарлагандан кийин тергөө иштери башталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында компаниянын кызматкери шектүү катары табылды. Байлардын катарына кирген Линь Ци өзүндө иштеген кызматчыны жумуштан кетүүгө мажбурлаганы, андан улам ууландыруу болгону айтылууда.
Кытайда Линь Ци санарип экономиканын лидерлеринин тизмесине кирип, 1 миллиард доллардан ашуун байлыгы менен миллиардерлердин катарына кошулган.