Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 7 мектеп онлайн окутууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды

Бишкекте 7 мектеп онлайн окутууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды

18-январь, 11:50
763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өттү. Бул туурасында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсүндө айтылат.

Көрсөтмөдө №60, №4, №67, №29, №38, №18 жана менчик "Газпром" мектеби аралыктан окууга өткөнү жазылат. Ошондой эле №135 бала бакча карантинге жабылды. Бул жайларда экиден ашык адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бир катар мектептерде айрым класстар онлайн окутууга өткөрүлгөнү маалымдалат.

Ал эми 1-январдан 12-январга чейин жогорку окуу жайларда коронавирус инфекциясын 33 адам жуктуруп алган. Анын 23ү студент, калганы мугалимдер.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер