Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Исаев оппозициянын лидерине айланабы?

Канатбек Исаев оппозициянын лидерине айланабы?

14-январь, 09:31
1 150 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда оппозиция чачкын, күчү жок болуп атканы жашыруун эмес. Бирок, бул убактылуу көрүнүш да. Айтмакчы, парламенттеги какылдаган Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев анчейин коркунучтуу эмес. Аларды “буюртма алган коллегалары” эле жүдөтүп коюшат... 

Эң олуттуусу, көчө оппозициясы бириксе, кайсы бир деңгээлде бийликке сес көрсөтүүгө, атаандашууга жарайт. Бизге жеткен маалыматтан алсак, ачыкка чыга албаган айрым күчтөр Канатбек Исаевди сүрөөнгө алууга кызыгышып, тымызын сүйлөшүп жатышыптыр. Мындан сырткары, баштары бирикпеген саясатчылар да копшолушуп, биригүү болбосо кыйынчылыкка кабылышарын ойлошуп, жазга карай лидерди тандоого барышчудай. Азырынча тымызын акылдашуу, кеңешип кесүү таризиндеги аракеттер башталды. Аныгында, бийликке каршы күчтөр бириге алышабы? Ичтери тарыбай Исаевди оппозициянын лидери катары таанышып, кызгануудан бийик болушабы? Аз убакыт калды, баам сала туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер