Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дөөлөт Сыдыков: “Мага эскертүү жасап, демитип, кекетип аткандардан коркпойм”

Дөөлөт Сыдыков: “Мага эскертүү жасап, демитип, кекетип аткандардан коркпойм”

02-май, 09:00
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Манас айылынын айланасындагы жагымсыз көрүнүштөр боюнча эмне дейт элең?

-- Манастын айылы тарыхый жер. Бул жер 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы өткөндө ыйгарылган. Ал жерге мыйзамсыз кол салып киргенге эч кимдин акысы жок, биз мыйзамсыз иш аракеттерге каршы күрөшүп, Манастын айылын коргоп жатабыз. “Манастын айылынын бир кадам жери кемибей, кайра жаңы курулуш сапаты, мааниси менен салынышы керек” деп долбоор иштеп чыкканбыз. “Манастын айылы” деген ат өзгөртүлбөшү керек. 

-- Марат Турсунбеков, Дамирбек Асылбек уулу, Нургалы Асаналиев – булар кимдер? Эмнеге Манас айылына асылып атышат?

-- Булар өздөрүн “президенттин, өкмөттүн кишисибиз” деп мыйзамсыз иш аракеттерге барып жаткан адамдар. Бул кишилердин тарыхына үңүлүп көрсөңөр, ким экенин жакшы билесиңер. Мендеги маалымат боюнча жана окуянын өрчүшүнө анализ кылсак, бул топко комплекстин жери эле керек. Манастын айылын оңдоп-түздөмүш болуп, калган жерине бийик элиталык тамдарды салып, өкмөт үйүн салганына чегерсе керек. Себеби буга чейин бул жер тилкесине кызыккандар болуп келген жана атайын "Манастын айылы" комплексин кароосуз калтырып, “жарактан чыкты” демиш болуп жерин алуу аракети экенин көптөрү айтып келишкен. Эми болсо бул чуу чыкканы Манасчыларга “Манас театрын салып берип, театрдын үстүнө үй салып беребиз” деп келишип алышыптыр. Анан Манастын айылын оңдоп коюшат имиш. Мен канчадан бери кайра куруу керек деп атайын концепция сунуштап жүрөм, долбоор дагы даяр болгон.

-- Бул боюнча Садыр Жапаровдун өзүнө кайрылдыңарбы?

-- Алгач “Манастын айылы кайра жаңы курулсун” деген сунуш, пландар менен кабылдоосунда болгом. Президент колдоп, иш башкармалыкка өзү дайындаган. Ошентип иштеп баштаганбыз. Кийин кыңыр иштер чыга баштаганы өзүнө жолугуу мүмкүн болбоду. Жолуксам болгонун болгондой өзүнө эле айтмакмын. Бирок, президент деле кабардар экен да. Эмне үчүн Манастын айылынан ал кишилерди жогору коюп жатканы түшүнүксүз болуп жатат мен үчүн. 

-- Сага карата “коркутуулар болуп атат” деп уктук, ушу боюнча да кошумчалап коёсуңбу?

-- Ооба, бирөөсү эскертип айтса, башкасы демитип, кекетип айтып алышты. Алардан коркчу мен эмесмин. Мен Манас дүйнөсүндөгү ордумду эмес, өзүмдөгү Манасты өйдө коюшум керек. Манас биринчи орунда болcyн. Көпчүлүк өзүн, кызматын өйдө коюп алган заманда жашап жатабыз. Кайсы доор болбосун, Манаска андай мамиле болбойт!      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер