Акыркы кабарлар
» Саясат » Байсалов жакынкы убакытта БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмө бериши керектигин айтты
Байсалов жакынкы убакытта БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмө бериши керектигин айтты
29-ноябрь, 12:19
3 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌"Шайлоо" автоматтык системасынын иши эч кандай үзгүлтүккө учураган эмес”. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил БайсаловTwitter баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, эртең менен президенттин администрациясы автоматтык түрдө добуштарды эсептеген урнада (АСУ) эмне мүчүлүштүк кеткенин тактаган.
"Шайлоо" системасында эч кандай катачылык кетпептир. Кеп жарыяланган таблицанын бириндеги программалык ката тууралуу болуп жатат. Ал беттеги формула туура эмес берилген" деген ал.
Байсалов жакынкы убакытта БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмө бериши керектигин айтты.