Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыгүл Жумабаева: “Кен-байлыктарды иштетпегенде кантип өнүккөн жашоого жетебиз?”

Бактыгүл Жумабаева: “Кен-байлыктарды иштетпегенде кантип өнүккөн жашоого жетебиз?”

12-август, 21:08
1 742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эл айтып атат...” деп көпчүлүктүн атын жамынып, бир ууч топ Жетим-Тоонун айланасында кара пиар баштады. Түшүнгөнү, түшүнбөгөнү да чуру-чуу. Кендер Кудай берген байлыгыбыз. Аларды иштетип, пайдаланып, алдыга жылышыбыз керек. Мамлекет катары өнүгөлү да. Экономиканы көтөрүү үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Аны түшүнбөй айрымдар саясатка айландыруу менен алек... Мындай шартта Апрель революциясынын Нарындагы “мотору” болгон Бактыгүл Жумабаева Жетим-Тоо боюнча калыс пикирин айтыптыр. 

-- Мен Нарын шаарынын тургунумун. Жакындан бери айрым адамдардын атайылап жасаган, элге туура эмес маалыматтарды берген аракеттерин телефондон көрүп жатам. Өз пикиримди айтууну туура көрдүм. 

Мен 2010-жылы Жетим-Тоо боюнча акцияларга активдүү катышкан жарандардын биримин. Агезде да “кокуй, кытайларга бериптир, сатып салыптыр, тигинтип, минтиптир...” деп чурулдашкан эле. Ошентип жатышып бийликке келишкендерин көрбөдүкпү, элге күйүп-жанып кетишкен жерлери деле болгон жок. Көрсө, өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөшүптүр. Эч иш жылган жок, баягыдай эле карызга баткан бойдон калбадыкпы!

“Нарын эли минтип, тигинтип атат”, “эл нааразы” деп тескери маалымат жүргүзүшүп, логистикалык борборду да курдурбай токтотушту.

Садыр Нургожоевич, “эл айтып атат” деген кара пиарларга эч качан ишенбеңиз. Сиз мамлекеттин президенти болгондон кийин туура кадамдарды жасашыңыз керек. Алгылыктуу иштер көрүлө баштады. Эч кимди укпаңыз да, иштей бериңиз!

Өз кызыкчылыгы бар адамдар ар түрдүү сөздөрдү чыгарышканына карабай, Кумтөрдү алып, сопсонун иш жасадыңыз. Эми деле ошолор Жетим-Тоону беттерине кармашып, кыйкырып-өкүрүшүп, элди бушайманга салып жатышат. 

Сизди эл шайлаган. Сиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы тарапта болушуңуз керек. Кумтөр сыяктуу Жетим-Тоону да мамлекеттин пайдасына иштетип, “элди жумуш менен камсыз кылам, экономиканы көтөрөм” деген ниеттериңизден кайтпаңыз. Кен-байлыктарды иштетпегенде кантип көтөрөбүз экономиканы, кантип өнүккөн жашоого жетебиз?! Кен-байлыктар иштесин да. 

Мирлан Самыйкожо, депутат уулум, сенин акылыңа чек жок. Ырларың менен сыймыктанабыз. Бирок, “Жетим-Тоону каздырбайбыз” деген бекер сөздүн кереги жок. Эл айтып жаткан жери жок. Бир ууч топтун кыйкырыгын “эл” деп алмаштырбагыла. Эл жолдордун оңолушун, мектептер, оорукана, бала бакчалардын салынышын, деги койчу, турмуш-шарттын оңолушун күтүүдө. Балдарыбыз Россиялап мигрант болуп иштеп жатышканы менен канчалаган кыйынчылыктарга кабылышууда? Айтпасак деле баарыбызга белгилүү... 

Ошон үчүн “Чегирткеден корккон эгин экпейт” болуп, бир ууч топтун өз кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырганына кулак салып, ишти токтотуп салбаш керек. 

Урматтуу Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев инилерим! Өлкөнүн, элдин тагдырын моюнуңарга артып турасыңар, силерге ишенебиз. Бизди өзүңөр айткан убадаларга жеткиргиле. Эл силерди күтүп жатат. Мен сиздерден эне катары, эже катары да суранарым ушул.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер