Алдыда митингдер... Генерал Суваналиевдин мезгили келди!
Коомчулуктун итиркейин келтирген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин, анын ордуна генерал Өмүрбек Суваналиевдин келишин соцтармактагылар жаза башташты. Биздин сайт да буга чейин дал ушул өңүттө божомолдогонбуз.
Бийлик кадр саясатын оңдоп, элдин маанайына жараша рейтингин көтөрүүгө ыңгайы келди. Натыйжада, генерал Суваналиев аталган кызматка дайындалса, кыргыз элинин үлкөн кубаттоосуна татымак. Учурда күч органдары элге жек көрүнүп, кыйчалыш кырдаал түзүлүп турганда, дал ушундай өзгөрүүнүн талабы ишке ашуусу зарыл. Каарманыбыз тазалыгы, тажрыйбасы аркылуу аброй алып келери айкын. Аймактарда нааразычылык курчуп баратканда, туура анализ жүргүзгөндү ойлонбойлубу? Маселен, Ат-Башыда логистикалык борборго жергиликтүү эл каршы чыгып, өкмөттүн шайын кетирүүдө. Эске салсак, убагында генерал Суваналиев Нарында губернатор болуп туруп, Аксай, Арпа көйгөйүн чечкени, аталган аймактан кылмыш дүйнөсүн тазалаганы белгилүү. Андыктан, эл менен тил табыша ала турган жетекчини колдойлу...
Айтор, ийгиликтерин санай берсек өтө арбын. Эң башкысы, бүгүнкү күндө күч органдарына кураторлук кызматка “Комиссар Каттанинин” келиши менен элдин бийликке болгон ишеними өсөт. Алдыда Садыр Жапаровдун тарапташтары, реакциячылар, Кой-Таш окуясынан жабыр тарткандар нааразычылык акциясына чыгууга жан үрөп атышканда, мындай өзгөрүү кырдаалды жайгарууга жол ачмак...
Aryba.kg