Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек Атазов: “Матраимов саясый буйруктун негизинде кара тизмеге кирди”

Шайлообек Атазов: “Матраимов саясый буйруктун негизинде кара тизмеге кирди”

17-декабрь, 15:39
1 924 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлообек мырза, АКШ мурдагы кыргыз аткаминери Райымбек Матраимовду  “Магнитский акты” деп аталган кара тизмеге кошту. Ал тизмеге кошулуу ал үчүн кооптуубу?

-- АКШнын “Магнитский” деген кара тизмесинен коркпошубуз керек. Тагыраагы, “магнитский тизмеси” динсиздердин ойлоп тапкан бир кудайчасы! Биз чыныгы Кудайдын акыреттеги тозокко жазган “кара тизмесинен” коркушубуз керек!

Чынында элдин баарын кооптондурабыз деген ойдо түзүлгөн Американын “магнитский тизмесинин” күчү деле жок. Ошондой болсо да АКШ “таасирибизди көрсөтөбүз” деген максатта Россиянын мен-мен деген бизнесмендерин да “магнитский тизмесине” киргизип алган дешет. Бирок, бул тизмеге негизинен мамлекеттик кызматкерлер, адам укуктарын сыйлабаган чиновниктер кирет экен. Ал жагын эске алсак, Райым Матраимовдун мамлекеттик кызматта иштебегенине   төрт жыл болду. Ага карабай аталган кара тизмеге киргизгендерине караганда, АКШнын чоң кызыкчылыгы, же бир мандеми бар. Тагыраагы, АКШнын кара тизмесин шылтоо кылып, коомчулуктун пикирин өзгөртүү, аны кооптуу адамдай көрсөтүү аракети катуу жүрүп жатат. Эгер АКШ адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, коррупциялашкан системаны сындырууга чындап жардам берүүнү кааласа, анда  мамлекеттик кызматта иштеп турганда, ири  коррупциялык долбоорлорду ишке ашырган Сапар Исаковду, Аскарбек Шадиевди, Кубанычбек Кулматовду, Албек Ибраимовду да кошмок. Райым Матраимовдон жогорку кызматтагыларды калкалап, алар тууралуу ооз ачпаганына караганда, Матраимовду саясый буйруктун жана кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кара тизмеге киргизген деген тыянак чыгарсак болот. 

-- “Магнитский тизмесине” мурдагы чиновниктин кирип калышы – мамлекетке болгон басым” дегендер да четтен чыгууда...

-- “Америка бул кадамы менен өзүнөн жарды мамлекетке  басым көрсөтүп жатат” десек да болот. Басым кылып, теңине албаганы үчүн АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү келекелеп сүйлөп, орунсуз кептерге жол берди да. АКШнын бул кадамына Кыргызстандын тышкы иштер министри туура жооп кайтарды. “Ички ишибизге  кийлигишүү” деп туура баа берди. “Магнитский акт” тизмесине киргизгидей Райым Матраимов тарабынан адам укуктарын бузуу, басмырлоо болгон эмес. Алтургай кылмышкер дегидей эч кандай факт да жок. Ошондой болсо да коомчулукка жаман көрсөтүп, Американын максатын орундатуу үчүн Батыштан каржыланган маалымат булактары тарабынан акыркы эки жылдан бери эле максаттуу караланып келе жатат. Элчинин сөзүнөн кийин “Азаттык” жана башка Батыштан каржыланган маалымат булактары Райым Матраимовго жөн эле асылбаганы ачык эле байкалып калды. “Азаттыктын” Матраимовдон башка иши калбагансып, күн сайын элди ынандыруу үчүн түрдүү маалыматтарды жарыялап жатат. Алар канчалык каралашпасын, Райым Матраимов – Кыргызстандын патриоту. Батышчылдарга караганда Кыргызстан үчүн ошол көбүрөөк күйөт, элине жардам берет.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер