Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыкерим Муратов, жазуучу: «Дүйнө коронавирустан кийин башкача өңүткө өзгөрөт»

Абдыкерим Муратов, жазуучу: «Дүйнө коронавирустан кийин башкача өңүткө өзгөрөт»

26-март, 11:41
4 291 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдыкерим мырза, сиз экөөбүздүн туулган жерибиз Ноокатта ар-ар жерге блокпосттор коюлуп, адамдар тууган-уругу менен ээн-эркин катташа албай калганын телевизордон, интернеттен көрүп ичим ачышып жатат, сизчи?

-- Мындай блокпост коюп, милиция, солдат кайтарган учурлардын бир кыйласын көрүп калдык: 1990-жылдын 4-июнундагы, 2010-жылдын 10-11-12-июнундагы Оштогу улут аралык кагылышууларды айтып атам. Анда адамдар өзүбүзгө өзүбүз кылып, эчен жарандардын үйлөрү күйгөн, киши колдуу болушуп, жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бул жолку көчө тосмойлор башкача – кыпындай да эмес, кыпындан миң эсе кичине, эң күчтүү микроскоп менен араң-араң кыбырап көрүнгөн бир микроб дүйнөнү аңтар-теңтер кылууда. Жанагы эки урушта көчөнүн эки жагында туруп алышып, бири-бирине таш атышкан эки улуттун өкүлдөрү эми биригишип, ошол вирусту өздөрүнө жолотпоонун жаналакетине түшүп жатышат. Ушу тапта жер планетасынын баардык жети миллиард сегиз жүз миллион жараны жанагы көзгө көрүнбөс нерседен коркуп турган чагы. Дүйнөнүн эң кырсыктуу өлүмдөрү согуштардагы бомбалардан, октордон, жардыруулардан ажал болуп келсе, бул жолу такыр башкадан келүүдө. 

-- Эмне үчүн бул дүйнөгө ушунча тездик менен тарап жатат? Дүйнө эмне ушунча кичине болуп калганбы?

-- Сиз экөөбүз бала чакта, мындан жарым кылымдай мурда аталарыбыз, энелерибиз бизди аяшып, “уктап алсын” деп бадага мал кошкону кетет эле го, келип эле айылдын жаңылыктарын айтып кирчү «баланчанын кызын түнү аркы айылга алып качып кетиптир», «түкүнчө жыгылып, бутун кокустатып алыптыр, сыныкчыга кетти» ж.б. деп. Айылдын жаңылыктары сааркы чай учурунда айтылып бүтчү. Азыр дүйнө ошондой болуп калды. «АКШнын палан штатында колледжге бир куралчан жигит кирип, окуучуларды барымтада кармап турат экен», «Индияда жылан адамды соруп алыптыр» ж.б. дегендей. Мына ушуну «ааламдашуу» дейбиз, «дүйнөлүшүү» дейбиз, эл аралык тилде «глобализация» деп жүрөбүз. Ала-Тоо аймагы азыр глобализацияга жутулуп калдык, андан эми дүйнөдө бир да жер, бир да эл чыга албайт. AКШ экономисти Т.Лифай 1985-жылы «Экономиканын дүйнөлөшүүсү» («Economic globalization») деген сөздү биринчи колдонгон жана ааламдашуу экономикадан башталганын айткан, эми караңыз, 2019-жылдын соңку күндөрү Кытайдын Ухань шаарында деңиз азыктарын саткан базардагылардан аныкталган жаңы оору «COVID-19» вирусу деп аталды да, ал оору үчүнчү ай толгондо, б.а., 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө жашаган 294 миң 110 адамдан белгилери аныкталган, эң көбү жана анын мекени азыркы изилдөөлөр боюнча Кытайда – 81 миң 499 адам, анан Италияда – 53 миң 578, Испанияда – 24 миң 926, Иранда – 21 миң 638, Германияда – 24 миң 873 киши. Жанагы айылды айтканым жана дүйнөнү бир айылга салыштырганым ушундан. Дүйнө бир чакан айылга айланды, айылдын башынан үргөн иттин үнү аягына угулуп турчу эле го, азыр жер планетасы ошондой бир кыштак болуп калды.

-- Бул вирус эмнеден пайда болду?

-- Буга жооп азырынча так бериле элек. Ал ылаң бир эле вирус эмес, өзүнчө вирустар тобу деп атышат. Ооруну алып жүргөн микробдор чоңойтуп караганда корона (таажы) самал көрүнгөндүктөн коронавирус атап коюшту. Кыргызча «таажылуу вирус», «таажылуу ылаң» деп да аташты (таажылуу болбой талаада калсын!). Кытай окумуштуулары анын гендик түзүмүн аныктоого аракет кылып, өз өлкөлөрүнүн түштүк жагында жашаган ала-була крайт жыландарынан, анан дагы ошол жактагы кобра жыландарынан адамга өттү, жарганаттардан өттү (!) дегендер да бар. Негизи биз фантастикалык кинолордон көрүп эле жүрөбүз го, согуштук максатта жаныбарларга оору жуктуруп, аларды душмандардын арасына жиберип, биологиялык согуш ачышат. Азыр дүйнөнүн бир катар жерлеринде мына ушундай жаныбарлардан адамдарды жок кылуучу биологиялык куралдарды алуу үчүн эксперименттер жүргүзүлүүдө. Алардын таралып кетиши толук мүмкүн да...

-- Бул версия канчалык реалдуулукка жакын деп ойлойсуз?

-- Билбейм ай, адамдар “ушулар оорулардын очогу” деп жыландарды, жарганаттарды, чочколорду, тоокторду өрттөп жок кылышууда. Муну менен биз, адамдар, дагы бир жолу табияттын мыйзамын бузуп атабыз. Анүчүн табият балким адамды жазалап аткандыр. Чоң энем айтчу, биз бала кезде дечү (ал кез болжолу өткөн кылымдын баш чени экен), биздин Ноокатта Котур-Булак деген айылды бир оору каптап, адамдар боо-боо түшүп кырыла баштаптыр. Көрсө, уаапа (холера) жайылыптыр. Ошондо Ысманбай деген айыл байы “мунун себеби сууда болуш керек” деп, алыс болсо да Шанкол дайрасынан суу ташып келип, ошондон гана ичирип адамдарды сактап калган экен. Жугуштуу оору деген ушундай: абадан, суудан, денеден тарай берет. Жүз жылдан да абалкы Ысманбай атанын ойлогон оюн биз ойлой албай жатабыз. Балким, ошондо табияттын бир макулугу суу башында өлүп калып, ошол бүт суу этегин булгап жатышы мүмкүн да. 

-- Жугуштуу дарт менен күрөшүүдө биз, кыргызстандыктар, кайсы жерден жаңылдык, кантип ооруну киргизип алдык?

-- Чынында көпчүлүгүбүз ошол оору жаңы башталганда эки жарым айда дүйнөнү каптап, анан Ала-Тоо аймагына да жетип келерин анчалык таназар алган эмес экенбиз. Казакстан менен Өзбекстандан бул вирусту алып жүргөндөр катталган соң алапайыбызды таппай калдык. Бирибизге бирибиз “эки жактагы кошуналарда бар оору кантип эле бизде жок болсун” (?) деп шектүү карадык да, “болду-болбоду, бизде ушул ооруну аныктай тарган аппараттар, тесттер, лабораториялар жок окшойт” деп шек санай баштадык. Өкмөттүн расмий өкүлдөрү айтса да ишенбедик. Ошондо кыйсыпыр түшүп жатып калдык, чек аралар жабылса, баарыбызды үй карантинине алып койсо, тоюп келчү тойлорду токтотуп коюшса, не күндө калабыз, андан көрө камданып алалы да (!) деп эң биринчи унга, ун азыктарына, өсүмдүк майларына атака койдук. «Назар базарга бараткан экен, мен да бардым» деп көпчүлүгүбүз көрүнгөндү талашып эле дүрбөлөңгө түшүп жатып калдык. Эки төңкөрүш менен кошо келген мародёрлук чыгып кетишине алты эле кадам калды. Андай трагедиядан эмне куткарып калды? Биринчи кезекте бизнесмендер. Менин угушума караганда, кампаларыбыз азык-түлүккө карк экен, ырас болуптур, анан калса Казакстандан ун ташый коюшуптур. Экинчиси,  көчөлөрдө, базарларда нан жапкан наабайлар, алардын нанын сатып берген реализаторлор. Аларга таазим! Бааны көтөрбөй, нандын ондогон түрлөрүн сатып турду. Ошолорду көрүп, “ачарчылык келгидей эмес” деп көңүлүм жайланды. Кыргызстанда коронавирус келе электе ачкөздүктүн, өзүн гана ойлоочулуктун вирусу келди. Биз адамдарды тескери жакка тарбиялап алыппыз. Кытайда да мындай болгон жок, цунами каптап кеткенде Японияда да, Индонезияда да, зилзалада Перуда да мынчалык болгон эмес. Ырас, карт планетанын бир катар жеринде азык-түлүк алышты, бирок алар тартип менен алды, кезекке туруп алды. Аларда биздин кызылкулактардай бааны көтөрө койгон жок. Ошон үчүн Вьетнам, Франция коронавирустан бир да адамын чыгаша кылбай жеңип атышат. Түркиянын бир адамы каза болгондо саламаттык сактоо министри атасын өлтүрүп алгандай “бир адамымды сактай албай калдым” деп ыйлап ийди. Карабайсызбы, ар кандай кырсыкты, ооруну сабырдуулук, токпейилдик, канаат кылуу жеңет экен! 

-- Арстан Алай “бул ооруну Кытайга мен жибердим, бизге келбейт” дебедиби, ошого беймарал болдук окшойт...

-- Ооба десең. Адегенде “Кытай Чыгыш Түркстандагы мусулмандарды камап атат, алардын намазына, мечитине киришип атат, ошого ал дартты Кытайга Алла жиберди” деп ишенип алдык. Ар бир адам өзүн карантинге алышы керек эле. Эми “Арстан Алай алдаптыр” деп отурабыз. Атүгүл аны сотко берчүлөр да чыкты. Ал кишинин айтканы жөн эле бир кишинин “бирдеме” деп койгону да. Кандай баёо калкпыз?! «Мусулмандар оорубайт», «бийик тоодогуларга вирус келе албайт» деп баланын оюн айттык. Ошол эле кезде ислам дүйнөсүнүн ири империясы Иран сөөк өчтү душманы болуп келе жаткан Израилдин вакциналарын колдонууга элине уруксат кылды. Жугуштуу оору, күчтүү вирустуу ылаң диниңе, тилиңе, жашаган жериңе, мамлекеттин күчтүүлүгүнө, көзү ачыктардын дубасына, молдолордун дем салганына карабайт экен – ушуну түшүнүүбүз керек эле. Мына, канча бир жылдан бери исламга өтө берилгендер балдарды эмдетүүдөн баш тартышууда. Кызыгы, ошол бир эле үй-бүлө бир мамлекетте жашабайт да, эмделбеген бала башка балдар менен ойнойт, бир класста окуйт, акыры башка бирөөлөр менен үй-бүлө курат. Муну эмнеге ойлонбойбуз?!

-- Сиз “коронавирус өткөн жылдын аягында эле чыкты” деп атасыз. Мурда деле болгонун айтып атышат го?

-- Ооба, мен айткан быйыл катталган вирус коронавирустун «COVID-19» деген түрү. СССРде 1976-жылы эле коронавирус тууралуу жазып, аны дибазол, рибомунил, арбидол деген дарылар менен дарылоо керектигин айтса, «Известия» гезити 1991-жылдын 12-августтагы номерине Торрехон-де-Ардос шаарындагы АКШнын аскер базасындагы бактериологиялык куралдар сакталган жерде 1979-жылы бир сержант каза болгонун, кийин мына ошол адам каза болгон «типтүү эмес пневмониядан» өлгөндөрдүн саны 89га жеткенин, Испания, Франция, Португалияга таралганын жазып чыгат. 2014-жылдагы Өзбекстандан чыккан «Дунё» гезитинин 19-июнундагы санында бул дарт Сауд Арабстанынан тарап, ал жерден 500 кишиге жугуп, 130 киши каза болгонун, бул өлкөдөн он мамлекетке өткөнүн жана инфекциянын очогу чөлдөгү төөлөр болушу мүмкүндүгүн элге кабарлайт.

-- Анан азыр неге мынчалык катуу сөз болуп, ызы-чуу түшүп, кыйсыпырга айлантып жатып калдык? 

-- Бул жолку “коронавирус кыйсыпырынын” дагы бир себепкери – азыркы ааламдашуу доорундагы социалдык тармактар – интернет, электрондук каттар, вотсап байланыштары болууда. Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов мындай деп айтып атат: «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, «COVID-19» вирусун жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт. Вирус жугузуп алгандардын өмүрү өлүм коркунучунда деп ойлоо жаңылыштык. Иммунитети күчтүү адамдар анын белгилерин такыр байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Мисалы, учурда коронавирус табылган адамдардын 20 пайызында оорунун эч кандай симптому жок, адам өзүн жакшы сезип жаткандыгы белгилүү болууда. Калган 60 пайызга жакын бейтап кадимки сасык тумоо сыяктуу жеңил өткөнүн билдиришүүдө. Бул жалпы дүйнөдө болуп жаткан абал. Коронавирустан улам көз жумгандардын Кытайда 80 пайыздан жогорусу 60 жаштан өткөндөр, Италияда 80 жаштан жогорулар экени аныкталды. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор жалпы ооруп калгандардын 0,9 пайызын түзүп жатат, башкача айтканда, илдет аныкталгандан бери 7000 адамга жетти. Ал эми ошол эле чочко тумоосунан, ОРВИден жана башка сасык тумоолордон суткасына дүйнөдө 1700-1800 адам көз жумат. Бирок, бул оорулар боюнча коомчулук мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Азыр вирустун өзү эмес, анын айланасында тараган ар кандай туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда» («Спутник Кыргызстан»). Жок, биз адистин сөзүнө ишенбей группаларга келген «Нарындан бирөө чыкты», «Ысык-Көлдөн экөө чыкты», «Сузактагы бирөө өлдү», «Таластан дагы табылды», «Ноокатта баары жатат» дегендерге ишенчү болдук. Мындай имиш-имиш чыгаруу, аларды таратуу жана аларга ишенүү улуттук трагедияга алып келчү болду. Бул окуя – “коронавирус кыйсыпыры” кыйла нерселердин чүмбөтүн ачып салды. Алардын айрымдарын тезис түрүндө болсо да бир-бирден санап чыгалы. 

Биринчиси – аталган оорунун белгилери 18-мартта Сузак районунун үч адамынан табылган, алар 12-мартта Сауд Арабстанынан келген. Алар менен кошо учакта 144 адам болгон. Эми караңыз: айрым маалыматтар боюнча алар санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адамдарына «биз ошондой ыйык жайдан келе жатсак...» деп баш ийбей койгон. Бул – биринчиси, кыргыз коомчулугунун ашыкча демократизми, тагыраак айтканда, тартипсиздиги, болбосо аба алмашканда оорулар күчөп кетет да. Экинчиси, бизде умрага баруу ушунча көбөйдү, атүгүл модага айланды, «Сузактан оору чыкты» деп телевизордон айтып аткан күнү турфирмалар “умрага баргыла” деп жарнамаларын берип атышат. Акыры бизде ким көп – диний аалымдар көп, ошолордун ар бири бул же тигил туристтик фирмаларга агенттердей кирип албай, «эй, мусулмандар, бул умра деген ажылык эмес, кичи ажылык да эмес, ажы болуу үчүн Курман айттын намазын Меккеде окуш керек, шайтанга таш ыргытыш керек, курмандыкка союш союу керек» деп айтуулары керек эле да. Антишпеди. Анүчүн умрадан келгендер жүздөгөн кишилерге «ажы той» берип атышканы кандай? Экинчиси, ушуга эле байланыштуу. Ажылыкка Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтийлик), умрага туристтик фирмалар алып барат экен. Андай болсо неге алар ар бир алып барып жаткан адамынын ден соолугуна жооп бербейт? Жанагы Сауд Арабстанынан келгендердин ичинен экөөнү таппай отурат, “Өзбекстанга кетип калышыптыр” дешет, андай болсо алар биздин жарандар эмес экен да, а башка мамлекеттердин жарандарын биздикилер эмне үчүн ташып жүрөт, оору алардан чыкса эмне болот? Үчүнчүсү, Испаниядан бир окумуштуу аял өкмөтүнө футболго миллиондоп каражат коротконун, биолог-аалымдар 1800 евро айлык менен отурганын айтып, «баргыла эми Роналдуга же Мессиге барып вакцина таап келгиле» деп жемеледи. Бизде да ушундай. Илим такыр каралбай калган. Арстанбек Алтымышбаев деген фармацевт академик болгон, жыйырмадай дары ойлоп тапкан, айрым ачылыштары космонавттарды дарылоодо пайдаланылган, «Арашан» бальзамы азыр да эталон катары пайдаланылат. Кегетиде чөп сырын билген Жуманаалы деген табып болгон. Оморбай Нарбековдун дарылары да көп жерге таанылган. Мына ушундай илимпоздордун салтын улап келгендер вакцина жасоого отуруш керек эле. А биз бул жагынан мурдубузду балта кеспей отурабыз, изилдөө жүргүзөбүз десек мыкты окумуштуулардын жарымы чет өлкөгө кетип калган, жарымы же лабораторияларыбыз, же айлыгыбыз жок отурабыз... Төртүнчүсү, дүйнөнү каптап келе жаткан кара тумоого биздин медициналык, фармацевтикалык тармак көзүн жумуп отура бериптир, ушундай оору болуп калыптыр десе, же «тез жардамы» кенебесе, же дарыканаларда бекерге эмес, сатып алууга беткаптар жок болсо, адистер “аялдардын алаасына койгондорду же артын аарчыгандарды пайдалангыла” деп отурса, обсервация кылуучу жерлердин абалы өтө төмөн болсо... Анан эмне кылабыз?..

-- Эми дүйнө өзгөрөбү? Мамлекеттер коронавирус пандемиясынан сабак алабы? Дүйнө өзгөрсө, кайсы жагына өзгөрөт?

-- Дүйнө ааламдашуунун азабы да бар экенине көзү жетти. Өзгөрөт. Өзгөрүүгө тийиш. Дүйнө коронавирустан кийин башкача өңүттө болот. Ааламдык алкакта Батыш менен Чыгыш тиреши деген бар. Бул жолу Батыш утулду. Оору Кытайдан чыкканы менен дүйнө кайра айыктыруунун ылаажысын сурап Кытайга карап турат. Кытайда, Нидерланддарда, Японияда, АКШда, Улуу Британияда, Орусияда ж.б. бир катар өлкөлөрдө вакциналарды издеп баштады, айрымдары табышты да, сыноого да берди, эң майнаптуусу ушу тапта кайра эле Кытай болуп отурат. Өзбекстан Кытайдан эки учак менен адис медиктерди алып келди, Италияга жапжаш кытайдын врач кыздары ак халаттарын кийип аэропорттон кирип келгенде катар турган полицейлер президенттерди тоскондой кол чабуулар менен тосуп алды. Кытай дарыгерлери дагы бир төп өлкөлөргө барат. Бул деген “дүйнө борбору Вашингтондон Бээжинге жылды” дегендик. Антиглобалисттер айтып келгендей, глобалдашуунун кыйла терс жактарынан арыла баштоого аргасыз болобуз. Гиперглобализацияга кирип барыппыз, эми артка кайтабыз. Кайтуу керек. Аз-аздан. Экономикалык туңгуюкка кирип алып, мисалы, биз, кыргызстандыктар, унду казактардан, өсүмдүк майын түрктөрдөн, идиш-аякты кытайлардан алабыз дебей, өзүбүз чыгарып, изоляцияда күн көрүүнү ар бир мамлекет үйрөнө баштайт. Башка өлкөлөрдөн жумушчу күчүн алуу да азаят, иш берүүчү чет элдиктер мигранттарын өз өлкөлөрүнө айдап турат. Айрым эксперттердин айтуусу боюнча коронавирус пандемиясы Евросоюз, Бажы союзу сыяктуу жасалма биримдиктерди да алсыратат, азыр эле шенген визасына доо кетти. Ошол эле кезде дүйнөлүк медицина, медициналык маалымат алмашуу, фармацевтикалык өндүрүш өсөт.


Мамат Сабыров

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер