Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Шайлоо босого баллын жогору кылсак, мажбурлап нике кыйгандай болобуз”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Шайлоо босого баллын жогору кылсак, мажбурлап нике кыйгандай болобуз”

27-февраль, 20:36
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, шайлоо босогосу боюнча көз карашыңыз кандай?

-- Мен беш пайызды сунуштап жатам. Өткөн шайлоодо 7 пайыз болгондо эки миллионго жакын шайлоочу келген. Анын ичинен бир жарым миллион шайлоочунун өкүлдөрү парламентте отурат. Ал эми 500 миң шайлоочунун өкүлдөрү четте калышты. Ошондуктан, 5 пайыз болгону туура. Менин оюмча, демократияга дал келген норма болот. Кийинки шайлоодо жанагы процесс: партиянын өзгөрүүлөрү, бириккени, ажырашканы өз жолу менен кетет. А эгер босого баллды жогору кылсак, мажбурлап нике кыйгандай болобуз. Биз сунушубузду бердик, бирок, комитет ар кандай себептер менен созуп жатат. 

-- 7 пайыз болгондо “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялар дагы өтпөй калат дейсизби?

-- Мен аны мисал катары гана айттым. Бирок, ал партия бул сапар өтүшү мүмкүн. Азыр протесттик фронтту аттуу-баштуу кылган ошол “Бүтүн Кыргызстан” болуп атат. Эгер нааразы болгондор анын тегерегине бириксе, ийгиликке жетишет. А эгер бириктире албаса, анда жалгыз калат. 

-- Жети пайыз көп дейсиз. Бирок, өткөн чакырылышта 9 пайыздык босогону кабыл алып берген өзүңүздөр, парламенттин депутаттары эмес белеңер?

-- Мен каршы болгом. Жалгыз кыйкырып, безилдеп, каршы добуш бергем. Менин байкоом боюнча, демилгечилерге жогору жактан бирөө кеңеш берген. Ал учурда “Республиканын” лидери президент менен жакшы болчу. Ошондуктан, ал кишинин айтканын жасаган. Андыктан, тогуз пайыздык тосмонун башаты Атамбаевде. Анын оюна койсо он пайыз кылмак. Ал ойлогон да, “9 пайыз кылып туруп, кийинки шайлоодо эки-үч эле партияны өткөрөм, ошону менен башкара берем” деп. 

-- Анда парламентке кысым болгонбу?

-- Болгон. Аны кысым эмес, “өтүнүч” десек туура болот го. Президент эч качан өзү айтпайт. Ал бирөөгө айтат, ал болсо “тиги киши айтты” деп койсо жетиштүү. Сиздин эсиңизде барбы-жокпу билбейм, сессиянын акыркы күнүндөгү добуш берүү учурунда төрага төрт жолу каттоо жүргүзгөн. Ал конституциялык мыйзам болгондуктан, 81 добуш алалбай төрт жолу кайра-кайра коюлган. Мен стенограмманы алып карадым да, депутаттардын көбү ШОСко байланыштуу филармонияда болчу. Калган депутаттарды алдап-салдап, эптеп атып 81 добушка жеткиришкен. 

-- Өткөн парламент жети пайыздык босого менен шайланып, алты партия келди. Эми деле беш-алты партия шайланып келгени нормалдуу болот го?

-- Муну эч ким айта албайт. Балким,15, а балким 25 партия келгени нормалдуу болоор? Коомчулуктун өкүлдөрү канчалык көп тартылса, ошончолук жакшы эмеспи. Азыр болсо 500 миң шайлоочунун өкүлү өтпөй калды. Туура, шайлоодо кимдир бирөө утулат. Бирок, азчылыктын пикири да эске алынышы керек. Балким, 2-3 пайыздан добуш алган партияларга бирден-экиден мандат бериш керектир... 


"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер