Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Касымалиева: «Биримдиктин» программасы терең анализге негизделген»

Аида Касымалиева: «Биримдиктин» программасы терең анализге негизделген»

15-сентябрь, 16:35
913 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биз бүгүн Кыргызстандын так ортосунда, айтылуу демократ акын Токтогул атабыз жердеген касиеттүү Кетмен-Төбө ѳрѳѳнүнүн эли менен жолугушуп  турабыз. Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү болсо, Токтогул жергеси – Кыргызстандын жүрөгү». Минтип ЖК депутаттыгына талапкер Аида Касымалиева «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда айтты. 

«Кетмен-Төбө эли акыйкаттыкты туу туткан, чынчыл, ак ниет эл. Токтогул эли алдыдагы шайлоодо жети өлчөп, бир кесип, татыктуу адамдарды тандоо менен келечегине кенен жол ачарына терең ишенем. Биздин программанын артыкчылыгы, курулай сандар менен эмес, терең изилдөөлөр, тактоолор менен түзүлдү. Дагы бир жагдай, биздин партиянын наамына карата ар кандай каралоолор жүрүп жатат. “Бийликчил” дешүүдѳ. Бирок ѳзүңүздөр байкагандай, бийликтин жогорку тепкичинде турган бир нече адамдар оппозициячыл көз караштагы башка партиялар менен шайлоого аттанды. Эгерде андай болсо, алар биздин жаныбызда жүрүшпѳйт беле? Буга чейинки бир дагы шайлоолордо  мындай көрүнүштѳр болгон эмес. Акимдер, айыл өкмөт башчылары бийликтин партиясына жүгүрүп, кызмат кылышкан. Бүгүн андай эмес» деди Аида Касымалиева.  


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер