Бакиевди кайтаргысы келген Мадумаров көпчүлүктүн кыжырына тийүүдө

Саясатчы Адахан Мадумаров бийликтен коркпой эле “Азаттык” радиосуна маек берип, адаттагыдай сынга алды. Биздин коомдун ойгонбой атканына, кайдыгерлигине заманасы куурулгандай сөздөрдү божурап. “Медалдын эки бети бар” дегендей, Мадумаровдун айткандары баарын ынандыра бербейт. Ошол эле оппозициячыл катмарды алсак, аларга сын-пикир айтканы, бийликти кемсинткени жакса керек, бирок Курманбек Бакиевди актагысы келгени, айландырып эле Кыргызстанга кайтарууну, тим койсо аны аздектөөгө бара тургандай урмат-сыйы артып кетти го? Бул эми жеке өзүнүн мамилеси болушу керек. Туурабы? Буга чейин да “Курманбек Салиевич” деп оозанып, таптап сүйлөп, кооз сөздөрдү айтат эле, кечээ да ошентти. Анысы болсо атын өзгөртүп, Закир Салиев деген паспорт алганы, шек жаратканы жалганбы? Бакиев Ала-Тоо аянтынан 87 бейкүнөө балдарды аттырып, канды суудай агызган эмеспи. Ал эми беш жылдык бийлигинин башкаруусунда 60 чакты буюртма өлтүрүүлөрдү үй-бүлөсү аркылуу ишке ашырышканын УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев айткан. Саясатчы, журналист, депутат, бизнесмен, спортсмен, криминал, айтор, жакпай калса жөнөкөй жарандардан бери өлтүртүшкөнү эч качан кечирилбейт. Ал эми мамлекетти Максим баш болуп тоношуп, коррупцияга батышканын кимиси жокко чыгара алат? Бакиевдердин өтө оор кылмыштарын санай берсең сөз арбын. Эми ушундай колу канга чыланган адамды Адахан Мадумаров Кыргызстанга алып келүүнү айтып, эңсеп-күсөп жүрсө, калың калктын кыжырын кайнатпайбы? Эл азыр башка...
"Азия Ньюс" гезити