Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликке каршы күчтүү оппозициянын башында Текебаев болушу мүмкүн

Бийликке каршы күчтүү оппозициянын башында Текебаев болушу мүмкүн

30-ноябрь, 23:38
2 816 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сөөгүнүн чучугуна чейин саясатташып кеткен Өмүрбек Текебаев түрмөдө жатканда да коомдук кырдаалга баа берүүдөн четте калбай, дайыма ой-пикирин ЖМКлар аркылуу байма-бай чагылдырып турду. Үй камагына чыккандан бери ден соолугун чыңдап, ар кандай талкууларга катышып, тымызын интригаларды да жүргүзүп, саясатка батыл киришүүдө. 

Табиятынан Текебаев боло турган окуяларга, кубулушарга алдын-ала чыйыр салып, арканды алыс ыргытмай жайы бар. 2020-жылдагы күздө өтө турган парламенттик шайлоого карай даярдыгын жандуу баштаганы, эң башкысы, таасирдүү, элдин көңүлүн бурдура ала турган адамдарды өзүнө тартууда. Партиялаштардан сырткары Роза Отунбаева, Темир Сариев, Курсан Асанов, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев ж.б. бир топ популярдуу фигуралар менен мамиле кылууда. Бейөкмөтчүлөр да бул тарапта. Иш жүзүндө “Ата Мекен” партиясынын каражаты жоктой сезилгени менен шайлоого чейин сырткы-ички күчтөрдөн табыларын унутпаш керек...

Анан калса, “Ата Мекенге” атаандаш боло турган партиялардын басымдуу бөлүгү булганып бүттү. Жогорку Кеңештеги кайсы гана фракцияны албайлы, ички курамынын басымдуу бөлүгү саткынчылар, туруксуздар, сабатсыздар жана криминалдашкандар. Бийлик болсо конкреттүү партиянын атын атап, бир жыйынтыкка келе элек. Азырынча айрым төбөлдөр чайканалардан “тон бычышып”, өздөрүнчө эле үйгүшүп атышат. Шайлоо боюнча кайсы гана жерде консультациялар болбосун, баарысы Текебаевден чоочулашып, анын алдын кантип торой чалуу боюнча баш катырышууда. Бул жагынан билинбеген тирештер  күч алгансып баратат.

Ачып-көздү жумгуча жаңы жыл өтүп кетсе, аламанга даярдык ачык күрөшүүдө башталат. Мындай шартта Өмүрбек Чиркешовичтин соту создуга берери, аны таза актап чыгуу кечеңдей турганы байкалып калды. Бул көрүнүш коомдук кырдаалга да таасирин тийгизет. Текебаев менен бийликтин ортосунда ажырым чоңоюп, күзгө карай күчтүү оппозициялык толкунду жаратып коюшу ыктымал. “Ата Мекенге” ыктаган саясатчылардын катары калыңдап, коркунуч коңгуроосун кага башташат...

Ансыз да өкмөттүн арабасы сазга батып баратат, абал чатак...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер