Акыркы кабарлар
» Саясат » Бийликтин укуругу Франциядагы Самат Кушбекке да жетеби?
Бийликтин укуругу Франциядагы Самат Кушбекке да жетеби?
25-июль, 23:24

Сокенин доорунда Сыймык Жапыкеев кухняда отуруп алып, элди ойготуп баштаган. Көбүнесе урдум-соктум менен саясый ураандарды айтып, карантинде бук болуп жаткан катмарды козгогонго жараган эле. Азыр эми анчалык деңгээлде эркиндик жок. Баш көтөрүп, кичине каршы пикир айткандар суракка алынууда... Ошон үчүн Франциядан мекендешибиз Самат Кушбек чыгып, кыска убакытта популярдуулукка жетишти. Ал Ысык-Көлдө өтө турган “Формула – 1” кайыктардын жарышына каршы чыгып, экологияны сактоого үндөп, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болууда. Саясат ушунчалык азгырыктуу беле? Акыркы убактарда Самат Кушбек жалпы бийликти сындоого да жетишип, аудиториясын кеңейтип баратат. Мындай жагдайда аны токтотуу чаралары каралып жатканы айтылууда. Ошондо бийликтин укуругу Франциядагы эколог-оппозиционерге да жетеби?










