Америкадан министр Руслан Казакбаев канжыгалуу кайтты
Азыркы тынчы жок дүрбөлөң заманда дүйнө элинин башына түшкөн мүшкүлдөрдү талкуулаган БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 76-сессиясы көптөгөн саясый билдирүүлөрдүн аянтчасына айланды. Түркиянын президенти Р.Эрдогандын Крым боюнча жасаган билдирүүсү бир топ сенсация жаратты.
Бүткүл дүйнөнүн “мен” деген саясый лидерлеринин башы кошулган бул эл аралык иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматында мазмундуу сөз сүйлөп, тышкы иштер миинстри Руслан Казакбаев катышып, БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, Кыргызстандын өлкө башчысынын аманатын айтып, башкатчы болсо президент С.Жапаровдун “БУУ – Борбор Азия” саммитин өткөрүү демилгесин, тоолуу аймактардын өнүгүүсүнүн беш жылдык программасын бекитүүнү колдоп берген.
Кыргызстан үчүн океандын ары жагында өткөн бул эл аралык иш-чара олжолуу болду. Министр Руслан Казакбаев АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Дональд Ду, эл аралык коопсуздук боюнча АКШнын президентинин улук жардамчысы Эрик Грин, Монголиянын президенти, Түркия, Иран, Италия, Катар жана башка ондогон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кол коюлган келишимдерди жүзөгө ашыруу, соода-экономикалык, маданий, гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулап, ал эми Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен санариптик технологиялар, мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо системалары боюнча алардын тажрыйбаларына таянып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жагдайында иштиктүү келишимдер тууралуу сөз болгон.
"Азия Ньюс" гезити