Узап бараткан жылда Садыр Жапаровдун кайсы иштери баалоого арзыйт?


Дал ушул соболдун айланасында учкай ой калчадык. Айрым урунттуу учурларына токтолуп, гезит бетинен орун берүүнү туура көрдүк. Эмесе, коомдо орду бар белгилүү инсандардын жоопторуна абай салсаңыз болот.

Шаршен Касенов, “Дордой” спорт клубунун жетекчиси:
-- Эми мен чоң спортто жүргөн адам катары ажобуздун ушу жаатта кылган быйылкы жылдагы алгы иштерин айтайын. Андай иштери арбын болду. Алсак, эң ириде тиги жагы айыл өкмөттөн, бу жагы бүткүл жетекчилерге чейин спортко тартып, дени сак өлкө болууга демилге көтөрүп, өзү баштап бир нече жолу футбол оюнун уюштуруп, үлгү болду десем жаңылбайм. Токио олимпиадасында мыкты көрсөткүчкө жетишкен, кыргыз спортуна салым кошкондорду резиденцияда кабыл алып, жогорку наам, сыйлыктарды тапшыруу менен жалпы спортчуларга дем, шык берип көтөрмөлөгөнүн да баса белгилегим келет. Эгемендик алган жылдан тарта бизде эл аралык стандартка жооп берген бир да спорт комплекс же стадион курулбаганын эске алып, жакында эле бизнесмендер ассоциациясын түзүп, жетекчисине Аскар Салымбековду шайлап, эл аралык макамга жооп бере турган стадион куруу боюнча тапшырма бергендиги жана ал иштер бүгүнкү күндө старт алуу алдында турганын да баса белгилегим келди. Жакшы иштерди жакшы деп турсак, өлкөбүз алдыга карай өнүгөт. Акырында Садыр Нургожоевичке бир суранычым бар, спорт департаментин, анын структурасын өз алдынча эле министрлик же чоң агенттик кылып койсо дейт элем. Анткени, алдыда Францияда өтө турган жайкы олимпиада оюндары турат.

Төрөхан Жунусбеков, Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору:
-- Президент Садыр Жапаровдун урунттуу иштерин айтып отурсак өтө көп. Биринчиси, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу чечимин кабыл алып, аны баштаганы. Экинчиси, “Камбар-Ата–I” ГЭСин курууга бел байлап турабыз. Ал ортодон инвесторлор менен биргеликте баштасак да болот. Бул жагынан аракеттер күч. Үчүнчүсү, баардык чоң жана кичи ГЭСтердин курулуп баштаганы. Төртүнчүсү, кыргыз-өзбек чек арасын 100% чечип койгондугу. Бешинчиси, тышкы мамилени ырааттуу жүргүзүп, Россияга көз каранды эмес өз алдынча саясат жүргүзүп жатканы. Убада кылгандай, Кумтөр улутташтырылып, Кыргызстанга өтүшү ж.б. айта берсе арбын жылыштар уланууда...

Ишенгүл Болжурова, экс-министр:
-- Президенттин алгы иштери быйыл өтө көп болду. Анын баарын айтып отурсам сөз түгөнбөйт. Орчундууларынан бир-экөөнү айтканга аракет кылайын. Алсак, эл аралык карым-катнашта, дипломатиялык иштерде өзүнүн өткүрлүк жагын көрсөтө алды десем жаңылбайм. БУУнун ассамбелеясында Тажикстан менен Кыргызстандын мамилесин эч бир коркпостон дипломатиялык тил менен айтты. Экинчиси, быйыл Кыргызстан Евросоюзда жетекчилик кылды. Баардык президенттер биз менен эсептешип, жергебизге келип, көптөгөн маанилүү документтерге кол коюлду. Эгемен алган жылдан бери борбор калаабызда эле быйыл 14 мектеп курулду. Бул дагы президенттин алгы иштеринин үзүрү. Көптөгөн Европа, Араб өлкөлөрү менен карым-катнашты жакшыртып атат. Бир нече мамлекеттер фонд түзүп, кызматташтыкты күчөтүү, ынтымак-ырашкердикти бекемдөөдө. Эми айтып отурса көп эле иштерди алдыга жылдырып койду. Мугалимдердин, мамлекеттик кызматкерлердин, аскер адамдарынын айлык акыларын болуп көрбөгөндөй көбөйттү. Армияга курал-жарак, аскерий техникалары келип атат. Дагы да көптөгөн мыкты жумуштарды жасоого жетишүүдө.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











