Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакбаевдин “өкүл аталары”: Бабанов президент, Сыдыков премьер-министр болобу?

Казакбаевдин “өкүл аталары”: Бабанов президент, Сыдыков премьер-министр болобу?

15-декабрь, 12:55
1 337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркиядагы Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев 9-декабрда баласын үйлөндүрүп, той берди. Саясатчылар, чиновниктер, таластык туугандары, айтор, дээрлик баардык жакындарын чакырды. Үйлөнүү үлпөт жогорку деңгээлде өтүптүр. Эки жаш бактылуу болсун! Эске салсак, Руслан Казакбаев биринчи баласына Өмүрбек Бабановду, экинчисине Бакыт Сыдыковду өкүл ата койгону жөн жерден эместир. “Ак сөөктөр” бири-бирин алыстан тааныганы ушулбу? Кандай болгон күндө да, элчинин өткөргөн тою саясатташып калгандай. Балдарына колунда бар, таасирдүү адамдарды өкүл ата койгону өзүнө ыңгайлуу, келечектүү жүрүш эмеспи. Кызык, анан эмне айылдагы чор таман классташын өкүл ата коймок беле? Карапайым адамдардан Руслан мырзага пайда келбеси белгилүү. Ал эми Өмүрбек Бабанов эртеңки күнү президент, Бакыт Сыдыков премьер-министр болуп калышы мүмкүн. Мындай шартта өзүнө, үй-бүлөсүнө “жашыл жарык” күйүп калары шексиз. Арканды алыс ыргытканды билет да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер