Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте бүгүн эртең менен болгон кырсыктан 3 адам жабыркады
Бишкекте бүгүн эртең менен болгон кырсыктан 3 адам жабыркады
08-сентябрь, 11:57
1 476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте бүгүн, 8-сентябрда эртең менен болгон жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган кабарга таянсак, «Мерседес» жана «Хонда фит» унаалары кагылышкан. Кырсыктан улам 1973-жылы туулган эркек, 2000-жылы туулган жигит жана 2007-жылы туулган кыз жаракат алышты. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барды. Жабыркагандар “тез жардамдын” дарыгерлерине тапшырылды.