Ажырашсам, эки күйөөдөн чыккан болом, ажырашпасам...
Эжелер, кеңешиңиздерге зармын, эмне кылыш керегине башым жетпей калды. Күйөөмдөн барган сайын көңүлүм калып барат. Баарын таштап кетип калгым келет, бирок экинчи турмушум. Элди ойлоп, туугандарымды ойлоп, уятымдын күчүнөн кете албайм.
Биринчи турмушумдан балам бар, ал өз чоң энесинде жүрөт. Аны менен да сүйлөштүрбөйт мени. Башында турмушка чыгарда “алып келебиз” деп сөз берген. Азыр ал тууралуу ооз ачпайт. Бул турмушумдан бир кызыбыз бар. Кызым атасына жакын. Бир чети ошол кызымды да атасыз кылгым келбей, кете албай жүрөм. Жөн сөз менен чечилчү нерсени да сөгүнүп, бакырып айтат. Мойнуман муунтат. Канчалык уруш болбосун деп аракет кылсам да, менин аракетим бекер экен. “Туура эмес сүйлөп албайын” деп сүйлөөдөн чочулайм. Көп эле жолу урушканда унчукпай кутулам, бирок ошентип ичиме сактап жүрүп, өзүмдү жеп бүтмөй болдум. Эмне кылам? Мындан ары жашоомду кандай кылсам болот?
Элнура