Акыркы кабарлар
» Коом » Түркиядагы кыргыз келин: “Күйөөм сабап, үстүмө кайнак суу куюп жиберди”
Түркиядагы кыргыз келин: “Күйөөм сабап, үстүмө кайнак суу куюп жиберди”
16-февраль, 18:30


Түркиянын Анталия шаарында 28 жаштагы кыргыз келин Айнура Рыскелдиева үч кызы менен көчөдө калды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, келин 2013-жылы Түркияга бала багуучу болуп иштегени барган. Ал жерден болочок күйөөсү менен таанышып, аны менен нике кыйып, беш жылдан ашык убакыт жашашкан. Алардын үч кызы бар. Келиндин айтымында, аны күйөөсү алдап, башка аялга кетип калган. Анын айынан пикир келишпестиктер чыккан.
“Мени сабап, үстүмө кайнак суу куюп жиберди. Анан бизди көчөгө кууп чыкты. Милицияга кайрылдым, бирок менде каттоо жок болгондуктан, арыз бере алган жокмун. Бирок балдардын документтери менен баары жайында. Алар Түркиянын жарандары. Бирок балдарымды менден тартып алышабы деп корком. Мекенимде мага жардам бере турган жакын туугандарым жок. Камкор жарандар мага батирге чыгууга жардам беришти. Азыр киреше булагым жок, балдарым кичинекей болгондуктан иштебейм. Кыргыз өлкөсүндө да туугандар жок. Атам каза болуп калган” дейт.










